• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Некролог – коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муктар Нургазиев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Нургазиев Муктар Нургазиевич 98 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Муктар Нургазиев 1921-жылдын 19-ноябрында Токтогул районунун Коңур-Өгүз айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал өз айылындагы орто мектепти аяктаган соң колхоздо иштеген.

1941-жылы Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, экинчи Прибалтика, Беларус, Петрозаводск фронтторунда фашизмге каршы согуштагы жеңишке өз салымын кошту. И.В. Панфилов атындагы 27-дивизиянын катарында Москва шаарын коргогон.

Согуштан кийин Үч-Терек райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы, партиянын райондук комитетинин инструктору, андан кийин партиянын Базар-Коргон райондук комитетинде бөлүм башчы, секретары, Жалал-Абад областындагы Октябрь райондук аткаруу комитетинин төрагасы, партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи секретары, партиянын Баткен жана Фрунзе райондук комитетинин биринчи секретары сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалоо менен республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүүгө чоң салым кошкон.

1962-жылы Алма-Ата шаарындагы Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы жогорку партиялык мектебин аяктаган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине 5 жолу шайланып эл ишенимин арткан депутаттардан болду.

Муктар Нургазиев Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги жана мамлекетке болгон кызматы татыктуу бааланып Кыргыз Республикасынын “II даражадагы Манас” ордени, I-II-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, “Аскердик эрдиги үчүн”, “1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн жеңиш” медалдары, эки жолу “Эмгек Кызыл туу” ордени, эки жолу “Ардак белгиси” ордени, “Эмгектин ардагери”, “Даңк” медалдары жана көптөгөн жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйланган.

2015-жылы Москва шаарынын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн майрамдык парадка Россия Федерациясынын Президентинин чакыруусу менен барып катышып келген.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Муктар Нургазиевдин ысымы Баткен шаарынын борбордук көчөсүнө, Кадамжай районундагы каналдардын бирине жана ошондой эле Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы орто мектепке берилген.

Мухтар Нургазиевдин ысымы мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу инсандардын катарында Кыргызстандын тарыхына жазылып калат. Анын өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, жөнөкөйлүгү, талыкпаган эмгекчилдиги баарыбызга үлгү болуп калат.

Иш билги жетекчи жана уюштуруучу, эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Муктар Нургазиевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.

Муктар Нургазиевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С.Ш., Жумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Дүйшенбиев Р.С. Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Өмүрбекова А.С., Аскаров З.М., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Батырбеков А.Б., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Эсеналиев Д.А., Асымбеков Ш.У., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Панкратов О.М., Мурашев Н.М., Бейшенов Ж.С., Мирзахмедов Н.С., Кудайбердиева Г.К., Чолпонбаев К.С., Жаманкулов А.К., Кочкоров У.Т., Кадыркулов И.А., Осмонбетов Э.К., Шаршембиев Б.Н., Жамшитов Ө.А., Бе боев Т.Б. Саргазаков К.С., Субанов М.У., Кодуранова А.С., Тотонов Н., Сатыбалдиев К.У, Жылкыбаев У.К., Сарыбашев Т.Н., Мадумаров А.К., Жайылов Т.Т., Бегимкулов А.К., Омошев Э.А., Салихов К.К., Исаков Ж.М., Табалдиев Т.Т., Бокошев Ж.Б, Качкынбаев С.К., Сарпашев М., Тажибаев А., Карашев А., Мусаев Т., Касымалиев Э., Рафикова Д., Мирзакаримова А., Акимбаев ж.б.

Маалымат үчүн: Маркумду узатуу зыйнаты эртең, 11-апрелде саат 09:00дө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын Азимкан көчөсү № 96 дарегинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий