• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Некролог — Коомдук жана мамлекеттик ишмер Кушбак Тезекбаев 68 жашында дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Апрель Элдик революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев 68 жашында дүйнө салды.

Кушбак Тезекбаев 1952-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.

Ал эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштаган.

1984-1990-жылдары Кара-Суу райондук мал базарынын директору, 1995-2005-жылдары Кара-Суу районундагы «Нурбагыт» фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеген.

Кийин мамлекеттик кызматтарды аркалап, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу «Кыргыз турак-жай комунсоюз» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген.

Бүткүл өмүрүн мекенине арнап, эмгеги менен өлкөсүнө кадыры өткөн, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө зор салым кошкон Кушбак Тезекбаев 2010-жылы Апрель Элдик революциясындагы жеңишке жетүүгө түздөн-түз катышып, баатырдык көрсөткөн, июнь окуяларында коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоого кыргыздын белдүү мекенчил жараны катары зор салым кошкон.

Кушбак Тезекбаевдин жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Эсеналиев Д. А., Салиев А.А., Бекбоев Т.Б., Исаков К.А., Аскаров З.М., Алымкулов А.Т., Исаков И.И., Каптагаев Э.С., Дуйшебаев К.А., Бекназаров А.А., Жылкыбаев У.К., Сарыбашов Т.Н., ж. б.

Пикир

Оставить комментарий