• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Некролог — Коомдук жана мамлекеттик ишмер Зулпуев Мейраждин дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Зулпуев Мейраждин 78 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Зулпуев Мейраждин мектепти аяктагандан кийин 1961-1966-жж. Москва шаарындагы гидромелиоративдик институтунда билим алып, инженер-гидротехник адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1966-жылы Ош облустук сугат системаларын башкаруу башкармалыгында баштаган. 1970-жылы Ош облусунун сугат системаларын башкаруу башкармалыгын башкармасынын орун басары болуп дайындалып, 1973-жылы аталган башкармалыктын башкармасы болуп дайындалган.

1979-1980-жж. Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация министринин орун басары болуп, ошол эле жылы коммунисттик партиянын Лейлек райондук комитетинин биринчи секретары болуп дайындалган.

1985-жылы Ош облусунун бириккен «Кыргызсовхоз суу курулуш» мекемесинин бөлүм башчысы, андан кийин «Ош суу курулуш трестинин» жетекчиси болгон.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация министри болуп иштеген.

1992-1993-жылдары КР өкмөтүнүн мамлекеттик катчысы, вице-премьер министри кызматтарын аркалап, 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация министри болуп иштеген.

2002-жылы ААК «Кыргызсуудолбоор» ишканасында иштеп баштап, 2005-жылдан бери директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.

1979-1985-жж. Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңештин депутаты болуп да өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон.

Зулпуев Мейраждин бүтүндөй өмүрүн суу чарба жана ирригация тармагына арнап, анын жетекчилиги менен өлкөбүздөгү миңдеген гектар жерлерге суу каналдары тартылып, жерлердин асылдуулугу арткан.

Мейраждин Зулпуевдин элге кылган эмгеги жогору бааланып, бир катар даражалуу сыйлыктар жана эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Мейраждин агабыздын өтөлгөлүү өмүр жолу, жаркын элеси дайыма эсибизде болот.

Мейраждин Зулпуевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Боронов К.А., Мадумаров А.К., Асрандиев Э.Ш., Өмүрбекова А.С., Марипов У.А., Кылжыев С. А, Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Чодуев Э.К., Аскаров З.М., Бейшенов Ж.С., Чолпонбаев К.С., Жаманкулов А.К., Тердикбаев Э.К., Осмонбетов Э.К., Бейшенов Ж.С., Исаков К.А., Опумбаев О.Н., Зулпукаров Т.З., Сулайманов А.Т., Жамалдинов З.И., Мавлянова М.Э., Токторов А.С., Тагаев Э.С., Жылкыбаев У.К., Мамытов М.М., Тажибаев А.Т., Маматалиев Д. М., ж. б.

Маалымат үчүн: Маркумду узатуу зыйнаты Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Каранай айылында 2020-жылдын 11-мартында саат 14:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий