• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор Кубанычбек Осмонов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2020-жылдын 28-июнунда 70 жаш курагында, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор жана музыка таануучу, Кыргызстан музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору Осмонов Кубанычбек Эргешович катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

Кубанычбек Осмонов 1950-жылы 14-мартта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Ата-энесинин иштерине байланыштуу Ош облусунун ар кайсы райондорундагы мектептерде окуп, бирок мектеп жашынан музыкант катары таанылып, бир нече конкурстарда лауреат болгон. 1967-жылы орто мектепти аяктап, борбор калаабыздагы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүнө тапшырып, кыргыздын чыгаан композиторлору М. Абдраев, Т. Эрматовдордон билим алган. Студент мезгилинде эле Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде үн режиссеру болуп эмгек жолун баштаган. 1977-жылы Ош педагогикалык институтунун чакыруусу боюнча ага окутуучу болуп которулуп барып, музыканын теориясы жана тарыхы кафедрасын жетектеген. 1988-жылы Кыргызстан музыка ишмерлер союзунун түштүк региону боюнча төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1995-жылдан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун Радио жана телевидение кафедрасынын доценти, 2002-жылдан баштап КТРКнын “Мурас” чыгармачылык бирикмесинин башкы редактору, 2004-жылдан КТРКнын Үн жазуу студиясынын директору болуп эмгектенген.

К.Осмоновдун кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги жогору бааланып, 2005-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамын алган.

2006-жылдан ушул күнгө чейин Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде директорлук кызматты үзүрлүү аркалап келген.

К.Осмоновдун чыгармачылык негизги багыты - аваздык музыка. Тээ өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында эле бир нече ыры абдан популярдуу болуп, элге таанылган. Анын “Тоолук кыз”, “Энекебай”, “Мурункуңдай болбойсуңбу кайрадан”, “Аталар” ж.б. керемет обондору элдик болуп ырдалып калган. Мындан сырткары хор жана симфониялык оркестр үчүн жазылган чыгармалары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып, эртели-кеч эфирден уктурулуп келет.

Чыгаан композитор жана белгилүү музыка ишмери Кубанычбек Осмоновдун жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып азасын тең бөлүшөбүз.

А.Ж.Исмаилова, А.К.Жаманкулов, К.Б.Базарбаев, Ж.У.Саралаева, К.О.Иманалиев, Н.К.Кадырбеков, Ж.Үсөн уулу, Т.А.Чокиев, М.А.Бегалиев, М.М.Чотонов, К.С. Сартбаева, С.О.Осмонов, С.Жумалиев, Т.Т.Казаков, А.А.Ибраев, Д.А. Жалгасынова, К.Ы.Турапов, Т.М. Мураталиев, К.А.Осмонов, Р.М.Осмоналиев Ж.О.Кулманбетов, Т.Усубалиев, Н.Ө. Калыбеков, К.Ш.Дүйшалиев, Ж.К.Маматова, Э.М.Маданбеков, А.Чикеев, Р.Осмонкулов, Ж.С.Тюляева, Б.А.Жунушев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий