• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Некролог – КРнын эл сүрөтчүсү Виктор Сырнев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Россиянын Көркөм академиясынын ардактуу мүчөсү, Европанын Ювелирдик искусство ассоциациясынын мүчөсү Сырнев Виктор Александрович 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

В. А. Сырнев 1942-жылы 3-февралында Свердловск (азыркы Екатеринбург) шаарында туулган.

1959-жылы кесиптик көркөм окуу жайында окуп, ювелир адистигине ээ болгон.

1965-жылы Виктор Александровичке оор атлетика боюнча «СССРдин спортунун чебери» наамы ыйгарылган. 1966-жылы ал Бишкек шаарына көчүп келип, көргөзмө ишмердиги менен активдүү эмгектенген.

1974-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп кабыл алынган жана СССРдин ВДНХсынын Коло медалы менен сыйланган.

1975-жылы Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун декоративдик искусство секциясынын төрагасы болуп шайланган.

Ал эл аралык 140тан ашын персоналдык жана жамааттык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Алардын арасында: «Ornamenta» (Германия), «Живопистеги кымбат баалуу буюмдар» (АКШ), «Шакектер искусствосу» (АКШ), «Schmuckszenа» (Германия), «SOFA"(Чикаго, АКШ), «Baselworld 06» (Швейцария). Анын зергердик буюмдары Россияда, Түркияда, Японияда, Италияда, КМШ өлкөлөрүндө бир канча жолу болуп өткөн ювелирдик көргөзмөлөрдө коюлган.

1987-жылы В. А. Сырнев Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Ардак Грамотасын алган.

1993-жылы ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери», 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» наамдары ыйгарылган.

2013-жылы Россиянын Көркөм академиясынын ардактуу мүчөсү болуп кабыл алынган.

2014-жылы Фаберже Мемориалдык фонду аны «Франц Бирбаум Орденинин» чоң белгиси менен сыйлап, ага «Башкы чебер» наамын ыйгарган жана Фонддун эң жогорку сыйлыгы — бриллиант чегерилген «Карл Фаберже Ордени» менен сыйлап, «Эмгек сиңирген ювелир» наамын ыйгарган.

Анын чыгармалары биздин өлкөбүздүн көптөгөн мекемелеринде татыктуу орунду ээлейт, зергердик буюмдары жеке адамдардын жана музейлердин коллекцияларынан орун алган.

Виктор Сырнев ювелирдик искусстводо өзүнө таандык таанымал стили менен ХVIII–XXI кылымдардагы дүйнөдөгү эң мыкты 10000 сүрөтчүлөрдүн Бирдиктүү көркөмдүк рейтингине «Үч өлчөмдүү мейкиндиктин сүрөтчүсү» категориясы боюнча кирген.

Кыргызстандын көркөм искусствосуна зор салым кошкон эл сүрөтчүсү, таланттуу инсан Сырнев Виктор Александровичтин жаркын элеси замандаштарынын эсинде ар дайым сакталып калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, К. А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж. П. Разаков, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, С. А. Кылжыев, А. К. Жаманкулов, К. А. Исаков, А. Э. Суракматов, С. А. Раев, Т. Садыков, М. К. Жангарачева, В. А. Шестопал, А. Н. Каменский, Т. С. Усубалиев, Т. Курманов, Д. Лесогоров, В. Руппель.

Пикир

Оставить комментарий