• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог — КРнын эмгек сиңирген артисти, педагог-балетмейстер Асылбек Бегалиев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

ыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз хореография искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, педагог-балетмейстер Асылбек Бегалиев 86 жашында дүйнө салды.

Асылбек Бегалиев 1934-жылы Сокулук районунун Орок айылында туулган. 1948-жылы Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына кирген.
Ал өмүрүнүн акырына чейин жаш муундарды бий өнөрүнө тарбиялап келген.

1950-жылы окуучу кезинде эле опера жана балет театрында кыргыздын тунгуч балети "Чолпон" спектаклинде Саматтын ролу менен профессионалдык сахнага биринчи жолу чыккан. 1953-жылы театрга балет артисти штатына кабыл алынып, ондогон спектаклдердин партияларында бийлеген. 1954-жылы СССРдин эл артисти, атактуу Бүбүсара Бейшеналиеванын жетекчилиги астында музыкалык, хореографиялык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, Бурят, Монгол АССРинин опера жана балет театрына чакыруусу менен ал жакта солист болуп иштеген.

Асылбек Бегалиев 1957-жылы Казак Республикасынын өздүк көркөм чыгармачылыгын элдик бий кароо сынагында "Мерген" деген бийи менен лауреат болгон.

1957-жылы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда жаңы түзүлгөн Мамлекеттик элдик бий ансамблине солист болуп кызматка алынып, 1958 -жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствонун экинчи декадасына катышып өнөрүн тартуулган.

1959-жылы Мамлекеттик элдик бий ансамблинин жетектеп Монголияда бир айлык чыгармачылык гастрольдо кыргыз искусствосун маданиятын чет өлкөдө таанытууга зор салымын кошкон.

Ал эми, 1961-жылы А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына балет артисти болуп которулган.

1963-жылы Эл чыгармачылыгынын республикалык үйүндө хореография бөлүмүн жетектеген. Ал жетектеген эл чыгармачылыгынын республикалык үйүнүн бий ансамбли 1968 -жылы Молдованын Кишинёв шаарында өткөн Бүткүл союздук фестивалына катышып, байгелүү орунга татыктуу болгон.

Асылбек Бегалиев кезинде Т. Сатылганов атындагы филармониянын концерттик бөлүмүн жана жаңыдан уюшулган эки жылдык эстрада студиянын жетектеп, акыркы жылдарга чейин сабак берген.

1971-жылы маданият министри К.Кондучалованын буйругу менен министрликтин аппаратына которулат. Бул жылдар аралыгында Асылбек Бегалиев республиканын аймагында Элдик бий ансамбилдерин уюштурууга эбегейсиз зор салым кошот. Ысык-Көл облусунда "Ак куу" бий ансамблин, Талас облусунун Киров районунда "Жылдыз" ыр- бий ансамблин түзүп, бир катар эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга катышкан.

Маданият тармагына кошкон салымы жогору бааланып, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси болгон.

Ал өмүрүнүн акырына чейин М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп - интернатында бий сабагынын мугалими болуп иштеп келген.

Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Асылбек Бегалиевдин элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.Ж. Исмаилова, А.К. Жаманкулов, К.О. Иманалиев, К.Базарбаев, С.А. Раев, М.А. Бегалиев, М.М.Чотонов, К.Ы. Турапов, К.А. Осмонов. К. Сартбаева, Д. Жалгасынова, Р.Н. Чокоева, К.Сыдыков, А.А.Нуртазин, А А.Максутов, М Шарафитдинов, А. Нургалиева, М.С. Шаршенбаев, Ж.О Кулманбетов, Ж.Момункулов, Ж.С. Тюляева, И.А. Аманбаев, И.К. Сартбаев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий