• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — КРнын эмгек сиңирген мугалими Асина Ташибаева көз жумду

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Өлкөбүздүн билим берүү тармагы дагы бир орду толгус чоң жоготууга учурады. 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, билим беруунун мыктысы Ташибаева Асина Бекташевна көз жумду.

Асина Бекташевна өмүр бою мектепте иштеп, райондо алдыңкы мугалимдердин бири болгон. Анын окуучулары ар дайым райондук, областтык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келген. Ал өз кесибин абдан сүйгөн адам эле. Советтер Союзу тарагандан кийин, ал мектептеги физика лабораториясын сактап калууга чоң салымын кошкон. Асина Бекташевнанын аракети менен мектепте жаш муундарга физика сабагы боюнча керектүү курал-жарактарды жана китептерди сактап келген. Ошондой эле өз каражатынан физика кабинетин жабдыган.

Ташибаева Асина Бекташевна 1941-жылы азыркы Нарын (Тянь-Шань) районунда туулган. 1965-жылы Фрунзедеги В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган. Окууну бүтүргөн соң, Кемин, Чүй райондорунда жана Бишкек шаарында иштеп келген. 1988-жылдан 2015-жылга чейин Чүй районунун Кошой айылындагы орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенген.

Мыкты жубай, 7 баланын энеси жана 20 неберенин чоң апасы чыныгы патриотторду тарбиялап өстүрдү. Анын өзүнүн балдары жана тарбиялап окуткан бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда ар кандай кызматтарда мамлекетибиздин өсүшүнө салымын кошуп келе жатышат.

Ташибаев Асина Бекташевнанын жаркын элеси жакындарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө калат. Маркумдун туугандарына, уул-кыздарына жана жакындарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

К.А. Исаков, Ж. А. Ташиев, Н. К. Омуров, Н. С. Джусупбекова, П. Б. Түркбаев, М. Ж. Усеналиев.

Пикир

Оставить комментарий