• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог – КРнын жеңил атлетика боюнча улуттук курамасынын ага машыктыруучусу көз жумду

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргыз спорту чоң жоготууга дуушар болду.

2020-жылдын 22-январында 83 жаш курагында Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу Виктор Борисов көз жумду.

Виктор Борисов 1937-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунун Караван айылында төрөлгөн.

1956-жылы Фрунзе шаарындагы № 4 орто мектепти аяктаган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун аяктагандан кийин Виктор Федерович эмгек жолун «Спартак» Республикалык ЫСК Кеңешинин ага инструктору болуп баштаган.

1963-1969-жылдары жеңил атлетика боюнча машыктыруучу, 1971-1976-жылдары жогорку чебер мектебинде жеңил атлетика боюнча Кыргыз ССРнин курама командасынын ага машыктыруучусу болуп эмгектенген.

Бир нече жыл СССРдин Спорткомитетинин марафон дистанциясында чуркоо боюнча (эркектер, аялдар) башкы машыктыруучу катары Бүткүл союздук дене тарбия боюнча илимий изилдөө институту менен бирге Советтик спортчуларды 1980-1984-жылдардагы Олимп оюндарына даярдоо программасын иштеп чыгууга катышкан.

2001-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясын жетектеген.

2005-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу болуп эмгектенген.

Машыктыруучу эмгек жолунда 400 метр аралыкка 4×400 эстафетага чуркоодо 1972-жылы Мюнхен шаарында (Германия) өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Валентина Чичаеваны, 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиада оюндарында марафонго чуркоодо коло байгенин ээси Сатымкул Жуманазаровду, 1986-жылы өткөн «Ак ниеттүүлүк» оюндарынын күмүш байгесинин, 1989-жылы Дуйсбург шаарында (Германия) өткөн бүткүл дүйнөлүк студенттик Универсиадасында марафонго чуркоодо жеңүүчү, үч (1996,2000,2004-ж.ж.) жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу ИринÐ ° Богачеваны, эки жолку Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия оюндарынын чемпиону, 2004-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Татьяна Борисованы, Азия чемпионаттарынын бир нече жолку чемпиону, 2017-жылдын бүткүл дүйнөлүк студенттик Универсиадасынын, 2018-жылдын Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана күмүш байгесинин ээси, 2016-жылдын Олимпиадалык оюндарынын катышуучусу, эл аралык марафондордун жеңүүчүсү Дарья Маслованы, 2016-жылдын Олимпиадалык оюндарынын катышуучусу, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Виктория Полюдинаны тарбиялаган.

Алардын арасында, Кыргыз Республикасынын 3 эмгек сиңирген спорт чебери, 13 эл аралык даражадагы спорт чебери, СССРдин жана Кыргызстандын 20 спорт чебери бар.

1973-жылы Виктор Борисовго «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамы ыйгарылган. Ошондой эле СССР жана Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн «СССРдеги дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» ардак грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланып, 1997-жылы ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган. 2017-жылы Виктор Борисов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Виктор Борисовдун жаркын элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө сакталып калат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Г. У. Калиева, М. И. Бакиров, А. К. Касымалиева, К. А. Боронов, Ж. П. Разаков, А.С. Өмүрбекова, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, С. А. Кылжыев, С. К. Ибраев, Г. С. Молдобекова, М. Б. Эгембердиев, Т. И. Икрамов, У. Т. Кыдыралиев, Т. А. Масабиров, К. К. Исаев, А. Т. А бжалиев, К. С. Чолпонбаев, К. Б. Базарбаев, К. М. Аманкулов, Н. А. Бардинова, К. М. Арпачиев, А. Э. Суракматов, К. О. Осмоналиев, М. А. Акеров, И. З. Щербаков, В. И. Бубнова, Р. А. Алканов, Б. Кадыркулов.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 2020-жылдын 24-январында саат 10.00дө өтөт. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарынын Түндүк көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий