• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Некролог – Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын маданият жааты орду толгус жоготууга учурады.

2021-жылдын 26-январында 87 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Рамис Рыскулов Кыргыз ССРинин Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында 1934-жылдын 9-сентябрында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1951-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумду, 1959-жылы Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтун аяктаган.

Чыгармачылык эмгек эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп баштап, андан соң "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында, 1959-жылдан тартып "Ала-Тоо" журналынын редакциясында иштеген.

1960-жылдан тартып, ушул кезге чейин ал чыгармачылык менен талыкпай иштеп келди.

Анын "Жаз" аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1959-жылы жарыкка чыккан. Р. Рыскулов өз чыгармачылыгында жараткан ырлары менен поэмалары орус, латыш тилдеринде которулган бир топ жыйнактардын автору.

Акын совет доорундагы кыргыз поэзиясын жаңыча ыкмада иштеп чыккан тайманбас эксперименттердин бири. Рамис Рыскулов котормочулук жаатында да өз дараметин жогору көрсөтүп, А.Пушкиндин, В.Маяковскийдин, Н.Некрасовдун, А.Вознесенскийдин, Х.Алимджандын жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине даана жана так которгон. 1986-жылы чыккан “Ырлар” поэтикалык жыйнагы боюнча Кыргызстан Советтик Партиясынын А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгына ээ болгон.

Р. Рыскулов Маданият жана адабият жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер", ал эми 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" наамы ыйгарылган.

Маркум Рамис Рыскулов кыргыз элинин маданият тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон чыныгы кесипкөй адам болгон.

Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Акындын үй-бүлөсүнө жана жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын орду толгус жоготууга учураган аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий