• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог - Кыргызгидромет борборунун мурдагы директору Зарылбек Итибаев каза болду

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-июлда 57 жашка караган курагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин (Кыргызгидромет борбору) мурдагы директору Итибаев Зарылбек Сагындыкович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Зарылбек Сагындыкович 1963-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьское айылында туулган.

1983-1989-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистигин аяктаган, 1993-1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин аяктаган.

2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин Кыргыз Ресупбликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.
Зарылбек Сагындыкович ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Зарылбек Сагындыкович өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

Артында калган жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К.Алимбеков, К.О.Ахматов,Р.Р.Рысбаев, Б.Ж.Оторбеков, А.Т.Бекилов, А.Ж.Раманкулова, Асанбай кызы М. жана Кыргызгидрометтин жамааты.

Пикир

Оставить комментарий