• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Некролог — Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Жамал Ташибекова каза болду

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. 82 жаш курагында, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1980-жылдан 1986-жылга чейин Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Жамал Ташибекова дүйнөдөн кайтты.

Жамал Ташибекова 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Москва жеңил өнөржай технологиялык институтуна тапшырып, аны «инженер-технолог» адистиги боюнча бүтүргөн (1960) жана КПСС БКнын алдындагы Москва жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн (1971).

Эмгек ишмердүүлүгүнүн башталышында, 1964-1967-жж. Кыргыз ССРинин тиричиликти тейлөө Министрлигинде өндүрүштүн башчысы, № 1-филиалдын начальниги, «Киргизия» фирмасынын башкы инженери жана башкы директору болуп иштеген. Андан кийин «Октябрдын 40 жылдыгы» тигүү фабрикасында бригадир, участоктун мастери, сменанын начальниги, «Технологиялык маалымат бюросунун» начальниги катары эмгектенген.

1967-жылы Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетине өнөржай-транспорт бөлүмүнүн инструктору, жеңил жана азык-түлүк өнөржай бөлүмүнүн башчысынын орунбасары болуп которулган. 1971-жылы эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин төрагасынын орунбасары кызматын аркалаган.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 10-12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орунбасары, бир эле учурда тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 1986-жылы чет өлкөлөр менен достошуу боюнча кыргыз достук коомдорунун Союзунун төрагасы кызматын, андан соң 1997-жылы Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы кызматтарын ээлеп турган. 1997-жылдан 2004-жылга чейин «Кыргызстандын аялдар уюмдарынын Федерациясы» коомдук уюмунун төрагасы кызматын аткарган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Достук үйү дирекциясынын директору кызматында иштеген.

Жамал Ташибекова өзүнүн көп кырдуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жетекчилик талантты, ишке бектик менен берилгендикти, жоопкерчиликтик сезимди жана максатка жете билүүчүлүктү ийгиликтүү айкалыштыра алган.

Өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту жана өз ишинин кесипкөйү катары, «Октябрдын 40 жылдыгы» тигүү фабрикасында түрдүү жооптуу кызматтардан баштап, андан кийинки Министрлер кеңешинин төрагасынын орунбасары, Жогорку Советтин депутаты, Тышкы иштер министри сыяктуу жана башка жогорку мамлекеттик жана коомдук кызматтарда туруп өнөржайды, элдердин достугун жана дипломатияны, эл агартуу, саламаттыкты сактоо, илим, маданият жана спорт чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө Жамал Ташибекова чоң салым кошкон.

Жигердүү эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «За трудовую доблесть» медалы (1971-ж.), «Ардак Белгиси» ордени (1981-ж.), «Эмгек Ардагери» медалы (1984-ж.) менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангы бар.

Чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштардын Советтик коомдорунун Союзунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жамал Чуйбековна Ташибекованын жаркын элеси жүрөгүбүздө ар дайым жашай берет. Үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Калиева Г.У., Акматов Т.А., Жумагулов А.Ж., Шеримкулов М.Ш., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Сыдыков Д. Б., Базарбаев К.Б., Сыдыков У.С., Туменбаева Ж.Т., Иманалиев М.С., Асейинов М.А., Саралинов М.У., Кемелбаев Н.К., Атабеков Ж.А., Джангарачева М.К., Джолдошева Ж.А., Суракматов А.Э.

Ташибекова Жамал Чуйбековна 13-августта, «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий