• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог - Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Асейин Абдраев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. 2018-жылдын 14-августунда 70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Асейин Абдраев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Асейин Абдраев 1948-жылы Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында туулган. 1965-жылы Фрунзедеги № 12 орто мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайына тапшырат. 1969-жылы окуу жайды аяктап, эмгек жолун Нарын музыкалык драма театрында сүрөтчү катары баштаган.

1972-1976-жылдары Москвадагы белгилүү сүрөтчүлөрдөн сабак алып, өнөрүн өркүндөткөн. Андан соң 1980-жылы Алма-Атадагы Абай атындагы көркөм сүрөт институтун бүтүрүп келип, кайрадан Нарын музыкалык драма театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенген.

1988-1992-жылдары балдардын көркөм өнөр мектебинде мугалим, 1993-2005-жылдары Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде директору болуп иштеп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Эгемен мамлекетибиздин символу болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби Асейин Абдраевдин талыкпаган чыгармачылык изденүүсү, зор эмгеги менен жаралган. Бул эмгек 1992-жылы 2234 эскиздин ичинен тандалып алынып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу болуп бекитилген.

Асейин Абдраев көп кырдуу өнөрдүн ээси эле. Ал декоратор — сүрөтчү, саясий плакат — сүрөтчү катары элибизге кеңири таанымал.

Кыргыз элинин сыймыктуу инсаны, калк кадырлаган, журт сыйлаган Асейин Абдраевдин элесин түбөлүккө эстен чыгарбайбыз. Маркумдун туугандарына, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, М. И. Бакиров, А. С. Кодуранова, К. А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж. П. Разаков, З. М. Аскаров, Г. С. Молдобекова, Д. А. Эсеналиев, С. К. Ибраев, М. К. Мукамбетов, С. Жумагулов, Садык Шер-Нияз, Т. Садыков, А. К. Кайыпов, С. А. Раев, Б. Жакиев, М. Байжиев, А. Рыскулов, Т. С. Усубалиев, Ю. А. Шыгаев, Э. А. Алымкулов.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 2018-жылдын 16 — августунда саат 11-00 дө Нарын шаарында Раззаков көчөсү, 8 өтөт.

Пикир

Оставить комментарий