• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Некролог – Мамлекеттик ишмер Абибулла Абдугапаров дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасы оор жоготууга учурады. 73 жаш курагында коомдук жана мамлекеттик ишмер Абибулла Абдугапаров дүйнөдөн кайтты.

Юстициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары Абибулла Абдугапаров 1945-жылы 15-майда Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Ал эмгек таржымалын жөнөкөй жумушчудан баштап, өлкөнүн прокуратура тармагындагы эң бийик кызматка чейин көтөрүлгөн.

1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин юрист катары эмгек жолун Таш-Көмур шаардык прокуратурасында стажер катары баштаган. 1971-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп бүтүп, кайрадан Араван райондук прокуратурада тергөөчү болуп иштейт.

Жаш юрист катары өз кызматына берилип иштеп, бат эле кызматтык баскычтарга көтөрүлөт. Ош облустук прокуратуранын ага тергөөчүсү, Жаңы-Жол районунун
прокурору, Жалал-Абад шаарынын прокурору кызматын аркалайт. 1983-1985-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунда инструктор болуп иштеп, областтык укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат.

Партиялык кызматтан кийин Ош облусунун Ленин, Ноокат райондорунун прокурору, Ош облусунун прокурорунун орун басары, Жалал-Абад облусунун прокурору кызматтарында иштейт. Абибулла Абдугапаров кийинки жылдары Ысык-Ата, Аламүдүн, Жайыл райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында прокурордук кызматты аткарат.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коопсуздук жана коргоону бөлүмүнун башчысы болуп эмгектенет.

Абибулла Абдугапаров Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мүчөсү катары да кызмат өтөгөн.

Абибулла Абдугапаровдун өлкөнүн прокуратура жана укук коргоо органдарында көп жылдык эмгеги жогору бааланып, юстициянын генерал-майору наамына, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын бир нече сыйлыктарына татыктуу болгон.

Абибулла Абдугапаров прокуратура тармагында өзүнүн кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана обьективдүүлүгүн көрсөткөн мыкты инсан катары эсибизде калды. Анын ысымы дайыма биздин жүрөгүбүздө сакталат.

С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Джумабеков, М.Д. Абылгазиев, А.А.Токбаева, Э.Т. Мамыров, А.С. Кодуранова, М.И. Бакиров, К.А. Боронов, Ж.П. Разаков, А.С. Омурбекова, З.М. Аскаров, Д.К. Сагынбаев, Ө.А. Джамшитов, К.Э. Эсенканов, А.М.Базаралиева, Ф.З. Джамашева, Б.Дж. Казаков, Д.А. Джаманбаева, Н.К. Дюшембиев, Н.Б. Набиев, Д.А. Эсеналиев, А.А. Салиев, К.С. Дыйканбаев, М.О. Шайымкулов, А.К. Исмаилов, М.Б. Саякбаев, Т.Н. Сарыбашов, К.У. Сатыбалдиев, Т.И.

Пикир

Оставить комментарий