• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Некролог — Мамлекеттик ишмер Акынбек Тилебалиев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын сот системасы орду толгус оор жоготууга учурады. 66 жаш курагында, күтүүсүз оорудан кийин коомдук жана мамлекеттик ишмер Тилебалиев Акынбек Казыбекович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Тилебалиев Акынбек Казыбекович 1953-жылы

12-мартында Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылында туулган. Ал өз жумуш жолун жөнөкөй жумушчудан баштап, өлкөнүн прокуратура жана адвокатура органдарында, ошондой эле сот тармагындагы эң бийик кызматта иштеп келди. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1976-жылдан 1981-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда судья болуп иштеген. 1981-жылдан 1990-жылга чейин адвокатурада, чарба жетекчилик кызматтарында эмгектенген. Ал жаш кесипкөй юрист катары өз кызматына берилип иштеп, бат эле кызматтык баскычтарга көтөрүлөт. 1990-жылдан 1998-жылга чейин мамлекеттик арбитраждын кызматкери, Бишкек шаардык, Ленин райондук сотторунун судьясы, төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысы — сот администрациясынын жетекчиси, ал эми 1998-жылдан

2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп иштеген.

Тилебалиев Акынбек Казыбековичтин өлкөнүн сот системасындагы көп жылдык эмгеги жогору бааланып, ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи наамына жана Кыргыз Республикасынын бир нече сыйлыктарына ээ болгон. Тилебалиев Акынбек Казыбекович сот тармагында өзүнүн бийик кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана объективдүүлүгүн көрсөткөн мыкты инсан катары эсибизде калды. Анын ысымы дайыма биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат жана эч качан өчпөйт.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Бокоев К.А., Токбаева А.А., Асанова Н.М., Жаманкулов М.Т., Абдраимов Т.Д., Раимкулов М.О.

Пикир

Оставить комментарий