• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана педагог Советбек Токтомышев көз жумду

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын илими, билим берүүсү, атпай журт орду толгус чоң жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Ардак белгиси” орденинин ээси Советбек Жайлообаевич Токтомышев 79 жашында көз жумду.

С.Ж.Токтомышев 1943-жылдын 1-май күнү Москва районунун Предтеченка айылында туулган. Ошол жылы атасы Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон.

1960–1964-жылдары Кыргыз мамлекеттик (азыркы Улуттук) университетинини (КМУ) физика факультетинин студенти болуп, 4-курсту бүткөн соң Новосибирск мамлекеттик университетине которулуп, окуусун бүтүргөн. 1965–1968-жылдары ушул эле университеттин аспирантурасын бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, 1968–1976-жылдары КМУда окутуучу, ага окутуучу, доцент, 1986–1988-жылдары окуу иштери боюнча проректор болуп эмгектенген.

1976–1986, 1988–1992-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун физика кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

С.Ж.Токтомышев 1992-жылы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалып, кийинки жылы атаандаштык негизде ректор болуп шайланган. 1998-жылга чейинки алты жылда С.Ж.Токтомышевдин жетекчилиги астында улуттук университетте чоң өзгөрүүлөр болуп, окуу жайдын эл аралык байланыштары сапаттык жаңы баскычка көтөрүлгөн.

1998–1999-жылдары С.Ж.Токтомышев Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри кызматын аркалаган.

Ал эми 2000-жылдан тартып көзү өткөнгө чейин С.Ж.Токтомышев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) эмгектенип, Спутниктик байланыш борборунун директору болуу менен бирге проректор болуп иштеген, андан кийин ректордун кеңешчиси, “Атмосфераны мониторингдөө” илим-изилдөө борборунун директору болуп эмгектенген.

С.Ж.Токтомышев техника илимдеринин доктору (1984), профессор (1985) КР УИАсынын академиги (1997) болуу менен бирге 200дөн ашуун илимий эмгектердин, монографиялар менен окуу куралдарынын автору жана илимий ачылыштарын тастыктаган күбөлүктөрдүн ээси болду. Өзүнүн илимий мектебин түзгөн окумуштуу катары 20га жакын илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдаган. Илимий эмгектери АКШда, Японияда ж.б. көптөгөн өлкөлөрдө жарык көргөн. АКШнын Нью-Йорк академиясынын, Эл аралык илим, билим берүү, индустрия академиясынын (Калифорния, АКШ) академиги, Донг-Гук университетинин (Корея Республикасы, Сеул) ардактуу доктору болгон.

“Озон катмарын коргоо боюнча Вена Конвенциясынын” (1985) алкагында Жердин озон катмарын коргоо ишине, Монреаль келишимин ишке ашыруу боюнча иштерине баа жеткис салым кошкон. С.Ж.Токтомышевдин бул багыттагы эмгектери менен ачылыштары жана ал жетектеген атмосфераны мониторингдөө боюнча КУУнун “Ысык-Көл” илимий станциясы, анда жүргүзүлгөн илимий иштер менен алынган натыйжалар дүйнөлүк коомчулук, атактуу окумуштуулар чөйрөсү тарабынан жогору бааланган.

С.Ж.Токтомышевдин илим, билим берүү, техника багытында сиңирген эмгеги эл-журт, мамлекет тарабынан жогору бааланып, натыйжада, окумуштуу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун, ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Советбек Жайлообаевич Токтомышевдин жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, А. У. Жапаров, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, Д.А. Ашимова, А.К.Эргешов, Б.Д. Купешев, М.С. Жуматаев, К.Ж. Садыков, С.Ж. Мусаев, М.А. Ногаев, Т.Ш. Джунушалиев, К.И. Исаков, Ж.Т. Тумонбаева, Р.О. Качкеев жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий