• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Некролог - Мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Абакиров дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. 92 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Абакиров Эмилбек Абакирович дүйнөдөн кайтты.

Эмилбек Абакиров 1929-жылы 18-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кудук айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин «Шамшы» совхозунда жана «Кегети» асыл-тукум совхозунда жумушчу, Чүй районунун Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи болуп иштөөдөн баштаган.

1953-жылы Фрунзедеги кооперативдик техникумда окуп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн.

Ош педагогикалык институтунун окутуучусу, комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген. Кийин Эмилбек Абакиров комсомолдун Ош обкомунун пропаганда жана агитация боюнча катчысы болуп шайланган. 1960-жылдан баштап партиянын Ош обкомунда иштеген. 1970-жылы жазында партиянын Ош шаардык комитетинин 1-катчысы шайланган. Андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары жана Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1973-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Профсоюздар кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бул кызматта 1995-жылдын октябрына чейин иштеп, профсоюздук кыймылдын көрүнүктүү кыргыз советтик ишмери катары элдин эсинде калды. 1995-жылы Борбор Азиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын профсоюздук борборлорунун башкы катчысы болуп дайындалган.

1976-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын XXV съездине делегат болуп шайланган.

1989-жылы СССР эл депутаты болуп шайланган. Улут саясаты жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттар кеңешинин комиссиясынын мүчөсү болгон.

Төрт жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Эмилбек Абакиров өзүнүн мол тажрыйбасы, терең билими, чечкиндүүлүгү, бийик моралдык-этикалык принциптери менен татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон.

Күжүрмөн эмгек ишмердиги үчүн «В.И. Лениндин 100 жылдыгына карата каарман эмгеги үчүн» медалы, «Эмгектин ардагери» медалы, «1947-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 50 жыл» юбилейлик медалы, ВКП Ардак грамотасы (2009), ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы, ФПКнын Ардак грамотасы, Кыргызстандын профсоюздарынын 70 жылдыгына карата ФПКнын Ардак грамотасы, ВЦСПСтин «Профсоюздук кыймылга сиңирген эмгеги үчүн» Ардак күмүш белгиси, «КПССтин 20 жылдыгы» Ардак күмүш белгиси, ФПКнын «Кыргызстандын профсоюзуна сиңирген эмгеги үчүн» Ардак белгиси, «СССРдин эл чарбасын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери үчүн» күмүш медалы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгы» юбилейлик медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Профсоюздардын Бүткүл союздук борбордук кеңешинин Ардак грамотасы, ВКП Ардак грамотасы (1995), Октябрь революциясынын ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени,«Манас эпосуна 1000 жыл» юбилейлик медалы, III даражадагы "Манас" ордени, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Эмилбек Абакиров өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү жана ишмердүүлүгү – элге жана Мекенге адал кызмат өтөөнүн жана ак эмгектин үлгүсү.

Кыргызстандын татыктуу уулу Эмилбек Абакировдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, А.О. Кожошев, К.К. Ташиев, А.К. Аалиев, Э.Ж. Байсалов, А.К. Эргешов, Б.Д. Купешев, А.К. Жаманкулов, З.И. Жамалдинов, С.А. Ашимбаев, А.Ж. Жунушалиев, А.И. Мамбетов, К.Т. Тургунбеков, А.Ж. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, К.К. Кулматов, К.Ж. Ашыралиев, Н.К. Касиев, Ж.Б. Сооданбеков, Б.Б. Болотбеков, Ж.А. Абдрахманов, И. Жусубалиев, К.А. Саякбаева, З.Т. Искакова, К.Н. Кулматов, Ш. Медетбеков жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий