• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Некролог — Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жангороз Каниметов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, профессор Жангороз Каниметов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жангороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл областынын Түп районунун Токтоян айылында туулган.

1966-жылы Караколдогу Киров атындагы орто мектепти, 1971-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, Түп районундагы Каркыра мектебинде мугалим, директор (1971-1979), Арал орто мектебинин директору (1979-1984), Түптөгү Кайкин атындагы орто мектептин директору (1984-1987), Ак-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1987-1988), Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин мектептер башкармалыгынын башчысы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991-1997), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде ректор, проректор кызматтарын аркалаган.

Ж. Каниметов 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына, 2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана 2007-2010-жылдары КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, эки чакырылышта (1995-2005) Жогорку Кеңештин билим, илим жана маданият комитеттерин жетектеген. Депутаттык ишмердүүлүгүндө Парламентте кыргыз-түрк достук коомун башкарып, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле-байланыштарын түзүүдө жана аны өнүктүрүүдө, ошондой эле Ысык-Көл областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн (1999-2009) он жылдык планын Өкмөттө бекитип, аны ишке ашырууга ж. б. иштердин ийгиликтүү жүрүшүнө салымын кошуп, депутаттык ишмердиги жемиштүү болду.

1995-2010-жылдары КМШ парламенттер аралык ассамблеясына мүчө болуп, 2005-жылы мугалимдер статусу жөнүндөгү мыйзамды кайрадан иштеп чыгып, моделдик мыйзам катары кабыл алынган. Бул мыйзамдар бүгүн улуттук билим берүүнүн базалык-укуктук документи катары кызмат кылууда.

Жангороз Каниметов 1999-жылы педагогика адистиги боюнча кандидаттык диссертация, 2009-жылы «Билим берүү системасынын башкарууну демократиялаштыруу» аттуу темада докторлук диссертациясын жактап, педагогика илимдеринин доктору, педагогика адистиги боюнча профессордук наамын алган. 3 монографиянын, 4 окуу-методикалык эмгектин, 4 окуу куралдын, 105 илимий, 35 публицистикалык макалалардын автору. Ж.Каниметовдун жетекчилиги астында 6 аспирант кандидаттык диссертациясын коргогон.

Жангороз Каниметов адамгерчилиги, кең пейилдиги, мекенчилдиги менен айырмаланып, интелигенттүүлүктүн, чыныгы тарбиячы-педагогдун үлгүсүн көрсөткөн инсан катары замандаштарынын эсинде калды.

Ал өрнөктүү өмүр жолу менен кесипкөй, эмгекчил илимпоз катары кыргыз билим берүүсү үчүн миңдеген адистерди тарбиялоого салым кошту. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн билим берүү маселелерин чечүү менен айкалыштырып иштеп келди.

​Мамлекетибиздин өнүгүшүнө, билим берүү системасынын өркүндөшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин, СССР билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими наамдары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Даңк» медалы ыйгарылган.

Жангороз Каниметовдун элеси элинин эсинде түбөлүк сакталып калат. Маркумдун жакындарына, туугандарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, К. С. Молдобекова, К.Керезбеков, М. М. Мамакеев, Б. Ж. Жакиев, Ж. С. Сааданбеков, А. Э. Эркебаев, О.Ибраимов, Д. А. Эсеналиев, А. М. Кененбаев, К. С. Дыйканбаев, К. А. Исаков, Б. Ж. Жеенбаева, Н.Ишекеев, М. М. Мураталиев, М. С. Жуматаев, Ш. Ж. Жоробекова, А. А. Акматалиев, С. Ж. Мусаев, К. Ж. Садыков, Б. Ж. Сыдыкназаров, Э. С. Каптагаев, М. С. Мамбетов, К. М. Молдобаев, Ө.А.Эгембердиев, А.Жайлообаев, А. Т. Алиев, А. Ш. Осмоналиев, Э.Жантаев

Пикир

Оставить комментарий