• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог - Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусупжан Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 02.10.20 /Кабар/. Кыргыз эли оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Тургунбаев Жусупжан оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Тургунбаев Жусупжан Тургунбаевич 1956-жылы 22-мартта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу № 44-жылкы заводунун Тескей-Кожоке айылында туулган.

1981-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.

1981-1990-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Учкун» совхозунда ага экономист, Ноокат районундагы № 44 жылкы заводунда башкы экономист, экономикалык-финансылык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

1990-1992-жылдары СССР Министрлер Советинин айыл чарба академиясында, Москва шаарында билим алган.

1992-1997-жылдары Ош облусунун мамлекеттик мүлк боюнча комитетинин өнөр жай, унаа жана байланыш бөлүмүнүн жетекчиси, башкарманын орун басары кызматтарын аркалаган.

1997-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош облустук финансы-экономикалык башкармалыгынын башчысы кызматында атамекендик каржылык-экономикалык тутумунун өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.

2005-2006-жылдары Ош мамлекеттик университетинин бухалтердик эсеп, экономика жана аудит кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

2006-2012-жылдары «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад областтык, Бишкек шаардык филиалдарынын начальниги, андан соң башкы директору кызматтарын аркалаган.

2013-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Республикалык спецкомбинат» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген.

Тургунбаев Жусупжан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттерде профессор болуп эмгектенүү менен студенттерге, магистрлерге өз билимин берген. Анын элүүдөн ашык макаласы, 2 монографиясы, 2 окуу куралы кыргыз экономика илимине кошкон ири салымы болуп эсептелет. Экономика илимдери боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү жана окумуштуу катары бир катар илимпоздорду даярдоого катышкан.

Көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн 1999-жылы Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматынын отличниги наамын алган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чининин ээси.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз. Жусупжан Тургунбаевичтин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат.

Э.Ш. Асрандиев, Т.З. Зулпукаров, А.Т. Сулайманов, Т.А.Темиралиев, У.А. Марипов, С.Т. Муканбетов, Б.Ж. Жеенбаева, К.А. Исаков, С.Т. Абдикаримов, Э.У. Чодуев, З.М. Аскаров, Э.К. Осмонбетов, М.М. Мамытов, А.Ш. Осмоналиев, Д.Б. Сыдыков, Б.Ю. Юсупов, М.С. Жуматаев, Д.М. Маматалиев, К.Ж. Садыков, Т.А. Абдырахманов, Ш. Мусакожоев.

Пикир

Оставить комментарий