• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог - Молдакун Абдылдаев

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Абдылдаев Молдакун кырсыктан дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу күтүүсүз кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Молдакун Абдылдаев жооптуу жана түйшүктүү кызматта өмүрүнүн акырына чейин үзүрлүү эмгектенди.

Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич 1960-жылдын 22-августунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.

Ал 1982-жылы К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун ийгиликтүү аяктап, ветврач адистигине, ал эми 1988-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУну бүтүрүп, укук таануучу-юрист адистигине ээ болгон.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Россия Федерациясынын чек ара кызматынын подполковниги болгон.

Молдакун Абдылдаев 1982-1983-жылдары Нарын облусунун Ат-Башы районунун 25-партсъезд атындагы совхозунда ага ветврач болуп иштеп баштаган. 1983-1984-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын биохимия жана физиология институтунда ага лаборант, 1984-1987-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясында аспирант, 1987-1990-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын биохимия жана физиология институтунда ага лаборант, аспирант, илимий кызматкер, 1990-1993-жылдары Кыргыз илим-изилдөө ветеринардык институтунда ага илимий кызматкер болуп эмгектенген.

1993-1995-жылдары КР айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык департаментинде бөлүм башчы, 1995-1999-жылдары Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы чек ара кызматында 131-чек ара отрядында башчы, 2000-жылдары КР финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясында бөлүм башчы, 2001-2004-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясында сектор башчысынын кызматын аркалаган.

2004-2006-жылдары КР Президентинин Администрациясында мамлекеттик инспектор, 2007-2008-жылдары КР Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы, 2008-2010-жылдары КР Акыйкатчысынын Аппаратында аппарат жетекчиси, 2010-2011-жылдары КР Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы, 2011-2014-жылдары КР Президентинин Аппаратында бөлүм башчы, 2014-2018-жылдары КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Молдакун Абдылдаев акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Өлкөбүзгө сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” наамына ээ болуп, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Молдакун Абдылдаев жан дүйнөсүнүн байлыгы, бийик адамгерчилиги менен дайыма айырмаланып турчу. Аны кесиптештери элибиздин нарк-насилин, салт-санаасын жакшы билип, аздектеп сактаган адам катары билишчү. Ал мекенчил, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле.

Молдакун Абдылдаев өмүрлүк жары менен бирге уул-кыздарын тарбиялап, аларга ата-энелик мээримин төгүштү. Аларды чоӊ турмуш жолуна салышып, кыздын кызматын, уулдун урматын чогуу көрүп, турмуш жыргалынын даамын эми татаарда шум ажал арабыздан жулуп кетти...

Жол кырсыгынын кесепетинен Молдакун Абдылдаевдин, анын өмүрлүк жары Тинатиндин, уулу жана небересинин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу кыздары Индирага, Венерага, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жээнбеков С.Ш., Джумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., Эсеналиев Д.А., Касымалиева А.К., Бакиров М.И., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Торобаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Дыйканбаев К.С., Шайлдабекова Н.К., Марипов У.А., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Омурбекова А.С., Аскаров З.М., Ибраев С.К., Кылжыев С.А., Темирбаев А.М., Султанов А.Ш., Эргешов З.Ж., Турсунбек Акун, Намазалиев А.А., Каипов А. К., Субагожоев Ж.М.

Маркум Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынын 2019-жылдын 6-июлунда эртең мененки саат 10до Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда (Оберон жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий