• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокат райондук санэпидем көзөмөл борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекованын жаркын элесине арналат

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-июлунда Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана инфекциялык ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова илдеттен улам каза болду.

Айчүрөк Келдибекова Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 1967-жылдын 6- апрелинде туулган.

1975-1985-жылдары Мырза-Аке айылындагы Ленин атындагы №20-орто мектебинде билим алып, артыкчылык аттестаты менен мектепти аяктаган.

1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институнун санитардык – гигиеналык факультетине тапшырып, аны 1991-жылы бүтүргөн. Институтту аяктагандан кийин 1991-1992-жылдары Ош шаардык санэпид борборунда эпидемиолог дарыгерлигине интернатура өткөн, 1992-1999-жылдары эпидемиолог дарыгери, 1999-2003-жылдары эпидемиологиялык бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Ал эми 2003-2004-жылдары Ош облустук мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын биринчи орун басары, 2004-2012-жылдары Ош шаардык мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда эпидемиологиялык бөлүмүнүн жетекчиси, 2012-2015- жылдары башкы врачтын эпидемиологиялык маселелер боюнча орун басары, 2015-2016-жылдары Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык борборунун башкы врачы болгон.

2016-2017-жылдары аты өзгөргөнгө байланыштуу Ош облусу боюнча координациалоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ОАА жана МСЭК борборунун башкы врачы, 2017-2020-жылдары Ош облустук СПИДке каршы борборунун башкы врачынын орун басары, 2020-жылдын 1-апрелинен Ноокат райондук ОАА жана МСЭК борборунун башкы врачы болуп эмгектенип келген.

Айчүрөк Каримбековна өзүнүн эмгек жолунда эпидемиология боюнча дасыккан адис, жаңыдан жумушун баштаган жаш эпидемиологдорго мээрман эже жана насаатчы болгон.

Өзүнүн өмүр жолунда, ишмердүүлүгүн коомдук иш-чараларды аткаруу менен айкалыштырган.

Жаматта кесиптештери менен мамилеси дайыма тегиз болуп, жумуш учурунда кесипкөй, жумуштан башка учурда мээримдүү эже, эже-сиңди катары мамиледе болуп, кесиптештери менен иш алып барган.

Айчүрөк Келдибекова жасаган эмгектери үчүн Ош облустук, шаардык, республикалык грамоталар менен сыйланган, саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери.

Айчүрөк Келдибекова 2020-жылдын 1-апрелинен коронавирус илдети көп катталган Ноокат районуна дасыккан адис эпидемиолог катары, башкы врачтыкка дайындалып, очоктордо адистер менен бирге иш-чара алып барып турган. Оору күч алып турган очокторду басууга жетишкен. Райондо дарыгерлердин жетишпегенинен улам башкы врач жана эпидемиологдун милдетин биргеликте аркалап келген. Өзүнүн ден соолугун тобокелге коюп, очоктордо оорунун булагын токтотуу жана өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө координациялоо иш-чараларын жүргүзүп, илдетке ошол учурда чалдыккан.

Очоктордо иш-чараларды жүргүзүүдө алдыңкы катарда болуп келген, 2020-жылдын 30-июнунда өзүнүн кооптонуусу менен стационарга жаткан жана андан алган анализден 1-июлда COVID-19 аныкталган.

Айчүрөк Каримбековна калкка кызмат кылып, Ноокат районундагы эпидемиологиялык абал орчундуу болуп турган мезгилде коронавирус илдети менен ыктыярчылар катары күрөшүп, санитардык – эпидемиолгиялык илдеттин турукталышына жетише алган, дасыккан эпидемиолог, райондук ОАА жана МСЭКБунун башкы врачы катары,биздин түбөлүк жакшы көргөн кесиптешибиз боюнча кала бермекчи.

Маркумдун жакындарына, туугандарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана инфекциялык ооруларды алдын алуу борборунун жалпы жамааты.

Пикир

Оставить комментарий