• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог — Обончу жана аткаруучу Черикчи Бакасов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 30.09.20./Кабар/. Кыргыз искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 30-сентябрында 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу, аткаруучу Черикчи Бакасов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Черикчи Бакасов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында 1940-жылы 17-февралда туулган. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун айылдык клубдун башчысы, китепканада кызматкер болуп баштаган. 1961-2001-жылдар аралыгында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жигердүү эмгектенип, ардактуу профессор наамына ээ болгон. К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп да үзүрлүү эмгектенген. 2002-жылдан өмүрүнүн аягына чейин К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана №1 интернат-гимназияда музыка мугалими болуп иштеди.

Черикчи Бакасов чыгармачылык жолунда алгач ирет 1957-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалында лауреат болгон. 1958-2004-жылдар аралыгында хор менен эмгектенип, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги кароо-сынактарда бир нече жолу байгелүү орундарды багындырган.

Черикчи Бакасовдун чыгармачылык ишмердүүлүгү коомчулук жана мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы “Эл агартуунун отличниги” жана “Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйланып, 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыктуу болгон.

Ал өзүнүн орошон таланты менен асыл өнөрүн аздектеп, кыргыз музыка дүйнөсүндө, дүйнөлүк классикалык чыгармаларга чейин, ар-түркүн жанрдагы ырларга обон жаратып, коомчулуктун алкоосуна, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татып, чыгармачылык зор ийгиликтерди жараткан.

Белгилүү обончу, аткаруучу Черикчи Бакасов – Д. Садырбаевдин “Бегимайдын ыры”, Э. Конурбаевдин “Жаздын көркү”, К. Жумалиевдин “Көл көктөмү” А. Нышановдун “Нарын кечтери”, М. Алыбаевдин “Сага” ж.б. бир топ акындардын ырларына, ошондой эле өзүнүн калемине таандык “Жүрөк сагынычы”, “Куса болдум” аттуу чыгармаларга мукамдуу обондорду жараткан.

Черикчи Бакасов обончулук өнөр сырын үйрөтүүдө, жаштарга насаатчы, калыс, туура баа берүү, сапаттары менен абройго жетишкен талант эле.

Кыргыз коомчулугу, Маданият жана искусство ишмерлери, белгилүү обончу, аткаруучу Черикчи Бакасовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Эсил инсандын элеси кыргыз элинде түбөлүккө сакталат.

А.Б. Баатырбеков, Т.А. Темиралиев, А.К. Жаманкулов, К.Б. Базарбаев, Ж.У. Саралаева, Б.Ш. Секимов, К.О. Иманалиев, Г.Р. Черикбаева, М.А. Бегалиев, Т.М. Мураталиев, Т.Т. Казаков, К.А. Осмонов, Д.С. Баратбаева, А. Эгембердиев, Т.А. Чокиев, С. Жумалиев, А. Бедияров, А. Бөдөшев, Т. Сатаров, Д. Нургазиев, З. Сооронбаев, Ш. Дүйшеев, Э. Маданбеков, А.А. Өзүбеков, Т.К. Сманбеков, К.А. Абдрахманов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий