Некролог – Окумуштуу-химик, профессор Бейшен Иманакунов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 26-октябрында 90 жаш курагында белгилүү окумуштуу-химик, КР УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын, КР УИАнын И. К. Ахунбаев атындагы сыйлыгынын жана Ж. Баласагын атындагы сыйлыктардын лауреаты, КР УИАнын Химия жана фитотехнологиялар институтунун координациялык бирикмелер лабораториясынын башчысы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ветераны, химия илимдеринин доктору, профессор Иманакунов Бейшен Иманакунович дүйнө салды.

Ал химия тармагындагы белгилүү окумуштуу катары комплексттик бирикмелерди изилдөөдө, физика-химиялык анализди өнүктүрүүдө зор салым кошкон. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин бүтүргөн соң Фрунзе шаарындагы Кыргыз ССРнин Илимдер академиясына аспирантурага өткөн. 1956-1961 жылдары аталган институтта кенже илимий, 1961-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон соң Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунун улук илимий кызматкери болуп шайланган. 1968-1971-жылдары ошол эле институттун окумуштуу катчысы, ал эми 1972-жылы докторлук диссертациясын коргогондон кийин 1975-жылдан 1989-жылдарга чейин директору болуп иштеген. 1977-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, 1997-жылы анык мүчөсү (академик) болуп шайланган. 1997-2003-жылдары КР УИАнын Президиумунун Башкы окумуштуу катчысы болгон. 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын илимге эмгеги сиңген ишмери» деген ардактуу наамга ээ болгон.

Б. И. Иманакунов Кыргызстанда химия илиминин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, жогорку жетишкендиктерди жараткан жана эмгек жолунда татыктуу жолду басып өткөн. 1989-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин КР УИАнын Химия жана фитотехнологиялар институтунун лабораториясын башкарган, ошону менен бирге көптөгөн кадрларды даярдаган. Анын жетекчилиги менен илимдин 36 кандидаты жана 4 доктору даярдалган, ал 350дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 7 монографиянын, СССРдин 15 ойлоп табуу күбөлүктөрүнүн жана КРнын 8 алдын ала патентинин ээси. Сиңирген ак эмгеги жана илимий жетишкендиктери үчүн «1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы эмгеги үчүн», «В. И. Лениндин 100 жылдыгына карата үзүрлүү эмгеги үчүн» медалдары, «Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы», «Даңк» медалы менен сыйланган.

Бейшен Иманакунович басып өткөн жол — келечектеги окумуштуулар үчүн үлгү. Биздин өлкөнүн тарыхындагы жана анын ичинде Илимдер академиясынын бир алтын барагы. Анын жаркын элеси жакындарынын, досторунун, коллегаларынын жана окуучуларынын эсинде ар дайым калмакчы. Топурагы торко болсун!

Коштошуу 2019-жылдын 28-октябрында саат 10.30да Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратында болот (Чүй проспекти, 265а).

С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Джумабеков, М.Д. Абылгазиев, Ж.П. Разаков, А.С. Омурбекова, Г.С. Молдобекова, К.А. Исаков, К.М. Жумалиев, А.Т. Алтыбаева, К.К. Иманалиев, А.Э. Эркебаев, М.С. Джуматаев, О.А. Тогусаков, М.М. Мамакеев, А.Ч. Какеев, Т.С. Садыков, М.М. Мамытов, И.Т. Айтматов, Д.М. Маматканов, А.А. Борубаев, А.Б. Бакиров, Ш.Ж. Жоробекова, У.А. Асанов, Р.Дж. Дженчураева, Б.М. Мурзубраимов, А.А. Акматалиев, А.А. Кутанов, А.А. Айдаралиев, Б.А. Токторалиев, Т.К. Койчуев, Д.К. Кудаяров, С.А. Джумабеков, А.Ж. Жайнаков, А.М. Мурзалиев, В.И. Нифадьев, А.Р. Раимжанов, С.Ж. Токтомушев, М.Т. Мамасаидов, В.М. Плоских, В.П. Живоглядов, А.Т. Жунушов, И.А. Ашимов, Б.М. Дженбаев, И.Т. Тайчиев.

Пикир

Оставить комментарий