• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог — Опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова 68 жашында дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 5-майында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сагибжамал Ходжибекованын ысымы кыргыз опера ырчыларынын арасында жогорку кадыр баркка ээ болуп, эл сүймөнчүлүгүнө арзыган.

С. Ходжибекова 1952-жылы 29-февралда туулган. 1980-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун аяктап, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеп баштаган.

Ал мыкты опера ырчысы гана болбостон, образ жаратуу жагында өзүн мыкты көрсөтө алган. Сагибжамал Ходжибекова чыгармачылыгында чоң “партияларды” гана аткарбастан, мыкты роль жаратып, ар бир чыгармада таанылгыс болуп, өзгөчөлөнгөн.

Чыгармачылык жолунда ал “Саманчынын жолунда” Толгонайдын, “Русалкада” Наташанын, “Манаста” Каныкейдин, “Паяцыда” Недданын, “Тоскада” Тосканын, “Евгений Онегинде” Ларинанын, “Севилдик чач тарачта” Бертанын, “Курманбекте” Канышайдын жана “Аршин мал ланда” Веллинин ролун жогорку чеберчиликте аткарган.

Советтер союзу учурундагы кыргыз искусствосунун жана маданиятынын отчеттук күндөрүндө жана Кыргызстандын чет мамлекеттердеги маданият күндөрүндө анын аткаруучулук чеберчилиги ийгилик менен коштолгон.

Таланттуу ырчы 40 жылдан ашык өмүрүн чыгармачылыкка арнап, улуттук опера искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салым кошту.

Сагибжамал Ходжибекованын жаркын элеси замандаштарынын жана музыка күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун өмүрлүк жары Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Орузбаевге жана уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

А.К. Жаманкулов, К.О. Иманалиев, К. Ы. Турапов, М.А. Бегалиев, М.М. Чотонов, К. Сартбаева, Т. Сейталиев, А. А. Токомбаева, Т. М. Мураталиев, А.А. Ибраев, Э. Молдокулова, Д.А Жалгасынова, С. Чоткараева, Т. К. Жакшылыков, С. Алмазбеков, Э.К. Асанкулова, С. Жумашев, Р. Н. Чокоева, А.А.Нуртазин, А.М.Тумакова, М.Л. Ласточкина, М.Ш. Шарафидинов, М.А. Ааматов, Ж.К. Каниметов, Б.С. Тилегенов, И.К. Сартбаев, К.А. Тиленчиев, Н.У. Полотов, И.М. Мамбетов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий