• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог — Профессор Догдурбек Нургазиев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 10.08.19. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады.

2019-жылдын 9-августунда катуу оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Нургазиев Догдурбек Бакасович 1955-жылы 28-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган.

1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасын бүтүргөн.

Догдурбек Нургазиев Кыргызстандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири эле. Анын сүрөттөрү көптөгөн республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдө: Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка өлкөлөрдө коюлган.

Догдурбек Нургазиевдин чыгармачылыгы постмодернизмге ыктайт. Эмгектери КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде бар (Москвадагы Чыгыш искусство музейинде, Женевадагы Улуттар сарайынын галереясында жана башка).

Мамлекет алдында чыгаан сүрөтчүнүн жасаган эмгеги жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамдарына татыган. Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү, профессор, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Кыргыз көркөм сүрөт искусствосуна зор салым кошкон таланттуу инсан, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Нургазиев Догдурбек Бакасовичтин жаркын элеси замандаштарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, К. А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж. П. Разаков, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, С. А. Кылжыев, А. К. Жаманкулов, Г. К. Кудайбердиева, К. С. Чолпонбаев, У. Т. Кочкоров, А. Ш. Осмоналиев, Т. С. Садыков, В. А. Шестопал, А. Каменский, С. Раев, А. Осмонов, С. Төрөбеков, Д. Жолчуев, Т. Усубалиев, Ж. Жамурзаев, А. Байтереков, К. Шкурпела.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-августта Бишкек шаарында өтүп, маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий