• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — прокуратура органдарын ардагери Кубат Мурадылов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-апрелинде прокуратура органдарын ардагери, 1-класстагы юрист Кубат Мурадылов 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кубат Мурадылов 1960-жылдын 18-февралында Ысык -Көл облусунун Түп районунда туулган.

Ал 1992-жылы кыргыз прокуратурасына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун Нарын облусунун Ат-Башы райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеп баштаган.

Прокуратура органдарындарында ар кайсыл кызматтарда эмгектенип, 2016-жылдан тартып ардагерлеринин катарын толуктаган. Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Мурадылов Кубат Айтакуновичтин жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

Прокуратура органдарынын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий