• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог - Саматова (Түгөлбаева) Салтанат Орозобековна

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз маданияты жана журналистикасы 2018-жылдын 15-августунда оор жоготууга учурады - 46 жаш курагында узакка созулган оорудан белгилүү кыргыз журналисти, радио алып баруучу жана коомдук ишмер Салтанат Саматова (Түгөлбаева) дүйнө салды.

Салтанат Саматова (Түгөлбаева) 1972-жылы 1-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.

1990-жылы М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинин фортепьяно классын аяктаган.

Андан соң 1991-жылдан 1995-жылга чейин Салтанат Саматова (Түгөлбаева) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетинде окуган.

Салтанат Саматова (Түгөлбаева) эмгек ишмердигин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1995-1996-жылы окутуучу катары баштаган.

Салтанат Саматованын (Түгөлбаева) чыныгы таланты радио алып баруучу катары радиого келгени ачылган.

Ал үнү, эфирди алып баруудагы теңдеши жок жөндөмдүүлүгү, сабырдуулугу жана ачыктыгы, жашоо деми менен дайыма өзүнө жүздөгөн адамдарды тартып турчу, алар үчүн ал чыныгы доско айланган. Салтанат Саматованын (Түгөлбаева) эфирлерин көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп, анын позитивдүү маанайы аларга жашоонун ар бир ирмемин кооздоо үчүн жардам берерине ишенип турушчу.

Өзүнүн таланты, өзгөчө үнү жана артисттик чеберчилиги менен Салтанат Саматова (Түгөлбаева) көптөгөн эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан уюштурулган расмий салтанаттарга алып баруучу катары чакырылып келген.

Атамекендик журналистиканы жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон жалпы салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 31-декабрындагы №317 Жарлыгы менен Салтанат Саматовага (Түгөлбаева) «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наамы ыйгарылган.

Салтанат Саматованын (Түгөлбаева) жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. Туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

А.С.Өмүрбекова,Ш.У.Асымбеков, С.Жумагулов, М.А.Карыбаева, Т.Т.Стамалиева, Ч.Эсенгул уулу, А.Кайыпов, И.М.Карыпбеков, А.Ы.Мусаев, Т.Т.Казаков, А.А.Максутов, А.К.Темирбекова, К.А.Азыкбаев, М.Б.Атабеков, Д.У.Аляева, А.Р.Джумабаев, Т.Т.Касымбеков, Г.А.Сатылганова, Э.А.Рыскулбеков, А.Т.Туткучев, К.Ш.Арипова, С.М.Садыкова, А.К.Курманова, Ю.С.Руцкая.

Пикир

Оставить комментарий