• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиевдин жаркын элесине арналат

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6-июлунда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев илдеттин улам дүйнө салды.

Эралиев Артыкбай Эралиевич Өзгөн районунун Шоро Башат айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө 1958-жылы 5-мартта туулган.

1965-1975-жылдары Шоро Башат айылындагы А.С.Макаренко орто мектебинде билим алган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институнун санитардык – гигиеналык факультетине тапшырып, аны 1981-жылы аяктаган. Институтту аяктагандан кийин, 1981-1988-жылдары Ош облустук санэпид борборунда эпидемиолог дарыгери болуп эмгектенген.

Ал эми 1988-1991-жылдары облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгында башкы эпидемиологу, 1991-1994-жылдары облустук санэпид борборунда башкы врачтын биринчи орун басары, 1994-1996-жылдары Ноокат райондук санэпид борборунун башкы врачы, 1996-2001-жылдары облустук «Ден соолук» борборунун башкы врачы, 2001-2003-жылдары Ош шаардык санэпид борборунун башкы врачы, 2004-жылдан ушул мезгилге чейин облустук, облус боюнча координациялоо милдети жүктөлгөн Кара-Суу райондук жана Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунда башкы врачтын орун басары болуп эмгектенип келген.

Өзүнүн эмгек жолунда эпидемиология боюнча облус, түштүк аймагы жана жалпы эле республика боюнча баардык жугуштуу оорулар катталган учурларга карата, жугуштуу ооруларды токтотуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, катышып жана кеңешин берип келген.

Жүздөгөн эпидемиолог дарыгерлерин даярдап, аларга кеңешчи, насаатчы болуп, биринчи эле маселеде калктын санитардык – эпидемиологиялык бейпилдигин алдыга койгон.

Өзүнүн өмүр жолунда ишмердүүлүгүн коомдук иш-чараларды аткаруу менен айкалыштырган. Жаматта кесиптештери менен мамилеси дайыма тегиз болуп, жумуш учурунда кесипкөй, жумштан башка учурда насаатчы катары мамиледе болгон.

Артыкбай Эралиевич, сиңирген эмгеги үчүн Ош облустук, шаардык, республикалык грамоталар менен, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак граматасы менен сыйланган, саламаттыкты сактоонун мыктысы.

Артыкбай Эралиевич калкка кызмат кылып, биздин коомдук саламаттыкты сактоо тармагында көп иш-чараны бүтүрүп, салымын кошуп кеткен, боорукер, насаатчы, эпидемиолог кесибинин, өнөрлөрдүн ичинен эң эле керектүүсү катары далилдеп кеткен кесипкөй жаран, биздин түбөлүк кесиптешибиз катары элесибизде кала бермекчи.

Маркумдун артында жубайы, эки кызы жана неберелери калды.

Артыкбай Эралиевдин элеси элинин эсинде түбөлүк сакталып калат. Маркумдун жакындарына, туугандарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жалпы жамааты.

Пикир

Оставить комментарий