• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев көз жумду – некролог

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 24-ноябрында 78 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, «Кыргыз туусу» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. «Куланчы мерген», «Алас-алас», «Кийик-Сай», «Кылымдар жаңырыгы», «Сезим кайрыктары» ыр жыйнактары, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Эл-жер баяны», «Өмүр издери» публицистикалык жыйнактары жарык көрүп, окурмандарын тапкан.

1991-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Шабданбек Кулуев — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин авторлорунун бири.

Күжүрмөн эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы жогору бааланып, 1987-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» төш белгиси, 1994- жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган.

Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Т.Т. Мамытов, А.Э. Новиков, Э.Ж. Сурабалдиева, С.С. Касмамбетов, Б.А. Аманбаев, Н.К. Кадырбеков, А.Б. Бейшеналиев, Н.И. Ишекеев, К.Б. Базарбаев, Ж.У. Саралаева, К.О. Иманалиев, М.И. Мияров, А.А. Акматалиев, Б.Ж. Жакиев, О.С. Султанов, М.А. Абылкасымова, С.А. Раев, А.Ө. Өмүрканов, М.А. Абакиров, С.Ж. Жетимишев, С.А. Акматбекова, А.Р. Рыскулов, К.К. Кулуев, М.А. Ааматов, А.Ж. Жакшылыков, М.М. Мамазаирова, Т.З. Закирова, Н.Ө. Калыбеков, Т.М. Ногоев.

Пикир

Оставить комментарий