• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Некролог — Техника илимдеринин доктору, профессор Шергазы Мамбетов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Мамбетов Шергазы Асамбаевич 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Шергазы Мамбетов 1936-жылдын 14-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылында төрөлгөн.

1965-жылы Фрунзе политехникалык институтунун тоо-геологиялык факультетин ийгиликтүү аяктап, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика жана тоо тектеринин механикасы институтунда кенже илимий кызматкерден тартып профилдик лаборатория башчысына чейинки жолду басып өткөн.

Шергазы Мамбетов Көк-Жаңгак шахтасынын кен мастери, участоктун начальнигинин орун басары, начальник, тоо-геология факультетинин доценти, профессору, кафедра башчысы, деканы, Фрунзе политехникалык институтунун проректору, ректору болуп иштеген. Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, Фрунзе шаардык элдик контролдоо комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын легендарлуу парламентинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Минералдык-сырьелук ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын геологиялык жана тоо-кен илимдери боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы болгон.

Мамбетов 1990 – 1994-жылдары өлкөнүн легендарлуу парламентинин депутаты болуп, ошол эле учурда Илим жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын милдеттерин аткарып, эгемендүү Кыргызстандын демократиялык негиздерин түптөөгө чоң салым кошкон.

Ошол эле учурда ал билим берүү чөйрөсү менен байланышын үзбөй, акыркы күндөрүнө чейин республиканын алдыңкы университеттеринде профессор болуп эмгектенип келген. Анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация корголгон, ал 120дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору, эл агартуунун отличниги жана Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын анык мүчөсү болгон.

Ал СССРдин медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, III даражадагы «Шахтёрлордун даңкы», «Эл агартуунун отличниги» ардак белгилери менен сыйланган, ага «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери» ардак наамы ыйгарылган.

Шергазы Мамбетовдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов, С.С. Касмамбетов, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, А.Ж. Джунушалиев, Ж.К. Бакашова, А.А. Касымалиев, О.М Бакиров, Ж.К. Турускулов, М.К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А.Т. Сулайманов, Ш.И. Абдылдаев, К.Ж. Рыспаев, Д.Ж. Бекмурзаев, Б.Д. Купешев, Г.Ж. Байтерек, А.О. Маралбаев, М.К. Чыныбаев, С.Т. Сарбанов, М.К. Кожоев, Р.М. Мейматкулов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий