• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог — Телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова каза болду

Коом 0

Бишкек, 13.10.19. /Кабар/. Улуттук маданият жана журналисттер коому орду толгус оор жоготууга учурады. 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, телережиссер жана коомдук ишмер Орозова Умтул Шейшеевна каза болду.

Умтул Орозова 1940-жылы 14-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин окуп бүтүрүп, өз эмгек жолун «Комсомолец Киргизии» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштаган.

1967-жылы Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик теле жана радио комитетинин режиссер кызматына кабыл алынган.

1971-жылы Кыргыз ССРнин Мамлекеттик теле жана радио комитетинин башкы режиссеру болгон.

Бир жылдан кийин Кыргыз ССР Мамлекеттик теле жана радио комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Умтул Шейшеевна 1980-жылдан баштап 1985-жылга чейин Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин маданият бөлүмүн жетектеген, андан кийин Кыргыз ССРнин социалдык-маданий мекемелер бөлүмүнүн башчысы болгон.

Умтул Орозова 1985-жылы Кыргыз ССРнин Мамлекеттик теле жана радио комитетинин төрайымы болуп дайындалган.

1989-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган, 1991-жылы СССР Жогорку Советинин Эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн мүчөсү болгон.

1992-жылы Умтул Орозова — Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат кызматынын Москва шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.

Умтул Орозова Кыргыз Республикасынын 1-класстагы кеңешчиси Дипломатиялык рангынын ээси болчу.

2008-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кызматташтыгын артырууга кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Умтул Орозова көпчүлүк жаш адистерге мыкты кесиптеш жана жетекчи, боорукер, чынчыл, эмгекчил адам катары үлгү болгон.

Умтул Орозованын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма жашайт.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, К. А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж. П. Разаков, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, С. А. Кылжыев, Ч. А. Айдарбеков, К. А. Жунушалиев, М. Т. Жаманкулов, Б. Ж. Жеенбаева, С. Т. Муканбетов, Э. У. Чодуев, Ж. С. Бейшенов, Н. С. Мирзахмедов, К. А. Исаков, К. С. Чолпонбаев, А. К. Жаманкулов, У. Т. Кочкоров, Э. Д. Тердикбаев, О. Н. Опумбаев, Э. К. Осмонбетов, Д. Д. Догоев, А. Э. Суракматов, Т. Т. Стамали ева, Ч. Эсенгул уулу, Ж. Үсөн уулу, А. Ы. Мусаев, К. Ш. Асылбашев, Б. Ж. Жакиев, К. С. Сартбаева, С. Т. Токтакунова, Б. Т. Шамшиев, А. А. Токомбаева, Т. С. Сейталиев, М. Т. Байжиев, Ж. Сейдакматова, Г. С. Базаров, Р. Н. Чокоева, Э. М. Молдокулова, С. Ч. Чоткараева, М. А. Бегалиев, К. Ы. Турапов.

Умтул Орозова менен коштошуу зыйнаты 2019-жылдын 13-октябрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, № 499 үйдүн алдында өтөт.

Умтул Орозова 13-октябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий