• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог - Тунгуч радиорежиссёр, актёр Турсун Уралиев көз жумду

Коом 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Кыргыз маданияты, улуттук теле, радиоберүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады – тунгуч радиорежиссеру, театр жана кино актеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Турсун Уралиев 85 жаш курагында
узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнөдөн өттү.

Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында жарык дүйнөгө келген. Ал ата-энесинен эрте ажырап, турмуштун оор учурларын башынан кечирип, кыйын мезгилде торолду. 1957-жылы Ташкенттеги Н. Островский атындагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган. 1958-жылы жаңыдан уюшулган мамлекеттик кыргыз теле жана радиосуна режиссер катары кабыл алынып, өмүрүнүн акырына чейин, дээрлик 50 жылдан ашуун мезгил улуттук радио жаатында талыкпай эмгектенди.

Таланттуу режиссер улуттук радионун калыптанышына зор салым кошуп, алгачкы пайдубалын тургузган легендарлуу инсан катары анын кыргыз радиосунун тарыхында ысымы алтын тамга менен жазылып калды. Турсун Уралиев бүткүл чыгармачыл жолунда кыргыз радиосунун алтын фондусун негиздеген мыкты руханий мурастардын кенчин түзүп, улуттук адабият менен маданият классиктеринин чыгармаларын түбөлүккө жазып калтырды. Өз убагында Турсун Уралиев атактуу Саякбай Каралаевдин үнүн радиого түшүргөн эң алгачкы режиссер.

Ал "Манас" эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошуп, анын миллиондогон саптарын атактуу манасчынын аткаруусунда жазып, ысмын түбөлүккө калтырды. Ошондой эле кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантошев, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков жана башка белгилүү инсандардын чыгармаларын кыргыз радиосу аркылуу чагылдырууда баа жеткис чоң иш жасады.

Турсун Уралиевдин көркөм жетекчилигинде кыргыз театр өнөрүнүн классикалык чыгармалары улуттук өнөрдүн чеберлеринин аткаруусунда жазылган. Урпактарыбыз Турсун Уралиевдин ат көтөргүс эмгеги аркылуу гана Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов сыяктуу залкарлардын өнөрүн угуп, алардын чеберчилигине таазим этет.
Радиорежиссураны калыптандырып, өнүктүрүп, көптөгөн шакирттерди тарбиялады. Ал чоң чеберчилик менен жасаган жүздөгөн радиопьесалар, постановкалар, көркөм окуулар радионун алтын казынасында сакталып калды.

Ал өз учурунда көптөгөн көркөм кино тасмаларда эпизоддук ролдорду мыкты аткарып, актер катары дагы белгилүү. Анын жараткан образдары театр жана кино өнөрүндө жашап келет. Турсун Уралиев 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алгачкылардан болуп алып, 2001-жылы “Данк” медалы менен сыйланган.

Турсун агабыздын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын терең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармачыл эмгеги жана адамгерчилик бийик сапаттары менен эсибизде калган Турсун агабыздын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Жумабеков, М.Д. Абылгазиев, М.И. Бакиров, А.С. Кодуранова, К.А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж.П. Разаков, З.М. Аскаров, Г.С. Молдобекова, Д.А. Эсеналиев, С.К. Ибраев, М.К. Мукамбетов, С. Жумагулов, А.Ш. Осмоналиев, С.А. Раев, Б.Жакиев, М. Байжиев, И.М. Карыпбеков, Ж.Ж. Жекшеев, Т.Х. Жаманбаева, Ш. Абдырахманов, Ж.Кулмамбетов, А.Рыскулов, Б. Ш. Секимов, А. К. Темирбекова.

Маалымат: Маркум менен коштошуу аземи 8-августунда саат 10.30 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациянын алдында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий