• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Некролог — ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Оморов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-июлунда 62 жаш курагында белгилүү экономист, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Оморов Абдыкайым Рысбекович оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Оморов Абдыкайым Рысбекович, 1957-жылы 21-августа Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. 1974-1979-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда билим алып, 1979-1985-жылдары "Чаткал" совхозунда экономист, башкы экономист кызматтарын аркалаган. Ал эми 1985-1986-жылдары Жалал-Абад облусундагы "Башкы-Терек" совхозунда башкы экономист болуп иштеген. Кийин бир жылдан ашуун убакыт Чаткал райондук пландоо жана тармактар аралык байланыш бөлүмүн жетектеп, 1987-1991-жылдары "Башкы-Терек" совхозунда директор, улук экономист, башкы экономист болуп эмгектенген. Андан соң 1995-жылга чейин "Ынтымак" дыйкан чарбасын башкарып, 1998-жылга дейре Чаткал райондук каржы бөлүмүнүн бюджеттик бөлүмүн жетектеген. 1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комитетинде эксперт, 1999-2000-жылдары аталган тармактык комитеттин эксперттик тобунун жетекчилик милдетин аткарып, кийин 2005-жылга чейин Бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитеттинин эксперти болуп иштеген. 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары жана бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

А.Р.Оморов жигердүү мамлекеттик ишмердүүлүгү жана экономика тармагындагы алгылыктуу эмгектери үчүн "Каржы-экономика ишинин мыктысы" (2001), "Салык кызматынын мыктысы" (2009), "Мамлекеттик аудит мыктысы" (2016) төш белгилерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" (2009), "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл" (2019) маарекелик медалдарына, "Финансы-экономикага кошкон салымы үчүн" (2014) медалына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарына (2011, 2020), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасына (2015), КМШ ПАА Кеңешинин Ардак грамотасына (2013) татыган. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" наамынын (2016) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын энчилүү саатынын (2015) ээси. Мамлекеттик-жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2018).

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бөлүм башчысы, белгилүү экономист, кыргыз элинин чыныгы уулу Оморов Абдыкайым Рысбековичтин жаркын элеси - биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Джумабеков Д. А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Абдыкеримов Ш. Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С. А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.К., Алимбеков Н. К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д. Б., Байбакпаев Э.Д., Баймуратов К.Ш., Бакиров О.М., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д. Д., Бешимбаева А.К., Бокоев К.С., Гаипкулов И.Т., Джураев С. М., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Жапаров А.У., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробаев Ж.С., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Зулпукаров Т.З., Зулушев К.Т., Ибраев С. К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д. Ш., Исаев Ж.Б., Исаев К.К., Казакбаев Р.А., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Келдибаев С. А., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашева А.Т., Мамытов Т.Т., Маннанов И.А., Масабиров Т.А., Матраимов И.И., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.Ж., Нурбаев А.М., Нурдинов Б., Нурматов К.С., Нышанов С. К., Омуркулов И.Ш., Ормонов У.З, Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Д., Сабиров М.Э., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулайманов Б.И., Султанов А.М., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыгалиев Б.К., Сыдыгалиев Н.О., Сыдыков Б.У., Тагаев Э.С., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Толонов Д. Э., Торобаев Б.Э., Торокулов Д. Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., Узакбаев А.О., Шайназаров Т.У., Шарипов З.Э., Шер-Нияз Садык, Эгембердиев М.Б., Эсенаманов З. С., Юсуров А.Л., Сабырбеков А.А, Касмамбетов С. С., Шаболотов Т.Т., Матазимов М.М.

Пикир

Оставить комментарий