• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог — Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков каза болду

Коом 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Сот системасы оор жоготууга учурады. 83 жаш курагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Бообеков Качкынбай Жетибаевич узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бообеков Качкынбай Жетибаевич 1937–жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жогорку соттун мүчөсү болгон.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алгачкы төрагасы болуп Бообеков Качкынбай Жетибаевич эсептелет.

Бообеков Качкынбай Жетибаевич төрагалык кылып турган мезгилде, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген.

2002-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болгон.

Кесипкөйлүгү жана жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Ал өлкөбүздүн сот системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошту. Элибиз чоң жоготууга учурады.

Жакындары жана туугандарынын орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жээнбеков С. Ш., Джумабеков Д. А., Боронов К. А., Калиева Г. У., Жамшитов О.А., Жунушалиев К. А. Жаманкулов М.Т., Керезбеков К.К., Дүйшеев К.А., Асанова Н.М., Бокоев К.А., Токбаева А.А., Атаназаров Н.А., Барыктабасова Э.Б., Бакирова Н.Ж., Алыбаев А.А., Онолбеков Д. М., Калыбаев У.Ж., Алиева Г.С., Боромбаев М.И., Абылдаев А.Ж., Дуйшенбекова М.М., Кожобекова Г.Т.

Бообеков Качкынбай Жетибаевич бүгүн, 26-июлда, «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий