• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог — Жол-куруучу компаниялары ассоциациясынын президенти Мирлан Исраилов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 13-июлунда Жол-куруучу компаниялары ассоциациясынын президенти Мирлан Исраилов илдеттен улам 48 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу аталган ассоциациядан кабарлашты.

Исраилов Мирлан Жеңишбекович 1972-жылы 21-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында туулган. 1989-жылы Балыкчы шаарындагы №6 Саякбай Каралаев атындагы мектебин артыкчылык менен аяктап, орто билимге ээ болгон.

Ошол эле жылы Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштер боюнча катчы кызматына орношуп, 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, 1993-жылы ошол эле университеттин юридикалык факультетине которулуп, 1997-жылы аяктап, жогорку билимге ээ болгон.

1996-жылы Балыкчы шаарында жеке ишкер болуп катталып, иш алып барган.

2006-2010-жылдары Кант шаарындагы “Теплоснабжение” мекемесинде складдык тейлегич болуп иштеген.

2011-жылы “Чу Прокси” жоопкерчилиги чектелген коомдо коммерциялык директор кызматын аткарып баштаган.

2015-жылы ошол эле коомдо директорлук кызматын өтөп, 2016-жылдан баштап ошол эле жол салуучу компаниясы “Чу Прокси” жоопкерчилиги чектелген коомдо башкы директордун кызматын аркалап келе жаткан.

Маркумдун артында жубайы, бир уул жана бир кызы калды.

Мирлан Исраиловдун жаркын элеси биздин эсибизде дайыма сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

М. Исагалиев, М. Жапаралиев, Э. Назаралиев, З. Акунов, Т. Маматбеков, Т. Алымкулов, К. Рахманкулов, Э. Чамашев, Т. Мамитжанов, Ш. Момбеков, А. Абдиласизов, М. Чымбердиев, Алтымыш уулу Улан, М. Жапаров, А. Бекиева, Б. Токбаев, Е. Тимошенко, У. Алымбаев, З. Казакбаев, Д. Джунушев, М. Жумуков, А. Райымбеков, А. Абдубалиев, Т. Мияров, Эдил уулу Дастан, Э. Джаманкулова .

Пикир

Оставить комментарий