• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Немис калкы бизчелик меймандос эмес, алар менен достошуу да кыйын - Германияда жашаган Аида

ТАГДЫР 0

Чет жакта иштеп, билим алып, эл-жер көрүп, жагымдуу менен пайдалууну айкалыштырып жүргөн мекендештерибиздин саны абдан эле көп. Айрыкча жаштар - билим алып, өз мекениме кайтып, өлкөмө аз да болсо пайда алып келсем дегендер да жок эмес. Кыргыздын буту баспаган жер жок болушу керек - Америка, Кытай, Малайзия, Италия, Түркия, Корея ж.б.у.с. Ошондой дилгир, билимге умтулган мекендештерибиздин бири Аида Амангулова. Учурда Германияда жашайт. Ал жакта медициналык окуу жайга тапшырып, мыкты дарыгерлердин катарын толуктасам деген ой-максаттары бар.

- Аида, Германияга барып калууңдун себеби эмнеде?

- Менин Германияга келишиме курбум Айжан түрткү болду десем болот. Ата-энем болсо колдоо көрсөтүштү. Өзүм Нарындын Ат-Башы районунда туулуп өскөнмүн. Ааламга жол айылдан башталат дегендей Бишкек шаарына 2014-жылы келип, К.Карасаев атындагы БГУга чет тил филологиясы боюнча окууга тапшырдым. Ал жерде 3 жыл билим алдым. Акыркы мезгилдерде абдан өзгөрүүнү ички дүйнөм, өзүм да кааладым окшойт, чет жакка кетким келди. Бишкекте окуп жаткан окуумду токтотуп, тобокелге салып Германияга кетүү чечимин кабыл алдым. Кичине кезимде чоң энем менен көп бир жактарга барчу элем. Оюмда көптөгөн өлкөлөргө барып, башка элдердин маданияты, жашоо-турмушун өз көзүм менен көрүүгө аябай кызыгаар элем.

Ошентип, Германияга кетүүнүн айласын издеп, алгач интернеттен Au pair программасына катышып, ал жактан немиc үй-бүлө таптым. Учурда Германиядамын.

- Немис тилин билчү белең?

- Жаңыдан мен барчу үй-бүлө менен интернет аркылуу таанышканда англис тилинде сүйлөшүп жүрдүк. Анткени, немисче анча сүйлөй албайт болчумун. Алар мага чакыруу жөнөтүшкөндө абдан толкундандым. Жүрөгүмдө бир башкача сезимдер пайда болду, бир жагынан коркуп да жаттым. Анткени, Германиянын КРдеги элчилиги дал мен кете турган программа аркылуу ал жакка барууну каалагандарга баш тартып коюшчу экен. Кудай колдоп визаны колума алып, көп убакыт өтпөй Германияга сапар тарттым.

- Жактыбы ал жакта, барганда алгачкы сезимдериң кандай болду?

- Албетте, алгачкы келген күнүм азыркыдай эсимде. Мен барчу үй-бүлөнүн Берлинге келип мени тосуп алганга шарты жок болуп, Дрезденге чейин өзүм келүүгө туура келди. Аэропорттон чыкканда эле абасы, элдери жада калса дарактардын жалбырактары да башкача көрүндү көзүмө. Бул жакта немис калкы бизчелик меймандос келишпейт экен, бирок ар дайым жардам колун сунганга даяр турушат. Мага да жол көрсөтүшүп, бара турчу багытымды айтып беришти. Ошентип, мени күтүп жаткан үй-бүлөгө да келдим. Мени абдан жылуу кабыл алышты, бардыгын түшүндүрүп, көрсөтүп жатышты. Башында бири-бирибиз менен англис тилинде сүйлөшүп жаттык, албетте немисче сүйлөгөнгө да аракет кылып жаттым. Көп өтпөй немис тили курсуна жазылып, үй-бүлөдөгү кичинекей балдар менен сүйлөшүп, ойноп жатып тез эле үйрөнүп кеттим.

- Алар так жүргөн калк болушат эмесби? Биз менен айырмалары асман менен жердей болсо керек э?

- Абдан так жүргөн, анан да мээнеткеч калк болушат экен. Бардык иштерин алдын ала ойлонуп, пландап өз убагында так жасап көнүшкөн. Бүгүн жасалчу жумуш эч качан эртеңкиге жылбайт. Ошол кезде өнүгүүгө ушул сапаттар жардам берсе керек деп өзүмчө ичимден ойлонуп калам.

- Алар менен достошуу оңойбу же тескерисинче кыйын бекен?

-Жок, булар менен достошуу оңой эмес экендигин байкадым. Эгерде ишеничине кирип, жакшы мамилеңди көрсөтүп, өздөрүнө окшоп так, туура жүрсөң анан достук мамилесин көрсөтүшөт экен.

- Кыргызстанды сагындыңбы?

-Ооба. Келгениме аз эле убакыт болсо да Кыргызстанды сагынып, тоолору, таза абасы, меймандос калкыбыз жетишпегендей болот. Бош убактымда шаардын четине чыгып, айылымды элестетип отуруп, эс алып келем.

- Ашканасына бат эле көнүп кетсең керек?

- Чынын айтсам этти аябай сагындым (күлүп). Бул жакта тамакты аябай аз жешет, көбүнчөсү жашылчалар менен жеңил тамактанышат. Мен болсо аларга кыргыздын даамдарынан даярдап берем. Плов, самсынын аябай жактырып жешет. Бешбармак жасай элекмин, анткени этти оор тамак дешеби, айтор көп жей беришпейт.

- Кыргызстанга качан кайтууну пландап жатасың?

- Аны чындыгын айтсам ойлоно элекмин. Бюурса бул жакта дагы калып, окуу жайга тапшырсамбы деп өзүмө максат коюп жатам. Окуу жайлары акысыз жана билим сапаты жакшы. Ушул жылдын күз айынан тарта практика өтө баштайм. Андан соң медициналык билим алып, мекениме кайтып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсомбу дейм. Ал жактагы окуумду да таштап койбой, бүтүрүүнү пландап койдум. Келечекте ар тараптуу, билимдүү адам болсом дейм.

- Маегиң үчүн чоң рахмат, Аида. Иштериңе, окууңа албан ийгиликтерди каалайбыз.

Нурсулуу Нуркамилова

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий