• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Непалда автобус жүргүнчүлөр менен дарыяга кулап, 19 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.10.17 /Кабар/. Непалдын борборунда жүргүнчүлөрү менен дарыяга кулап кеткен автобустан кеминде 19 жүргүнчүсү каза болуп, 16сы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Doordarshan телеканалы жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен кабарлайт.

Кырсык ишемби күнү эртең менен болгон. Автобус Раджбирадж шаарынан түштүк-чыгышты көздөй непалдын борбору Катмандуга бара жаткан,-деп жазат РИА Новости.

Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу кооптуу бурулушта рулду башкара албай калган.
Окуянын күбөлөрү билдиргендей, кырсык болгон кезде автобустун ичинде дээрлик 40 жүргүнчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий