• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Непалдык миллиардер Кыргызстанга инвестиция салат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Непалдык жалгыз миллиардер катары белгилүү Бинод Чоудхари Кыргызстанда бизнес ачууну пландап жатканын Акчабар жазат.

Быйылкы жылдын мартында ишкер өлкөгө келет. Буга чейин ал КРда өткөн жылы жайында өткөрүлгөн ак илбирсти сактоо боюнча Эл аралык форумга катышып кеткен. “Акчабарга” маалымат булагы билдиргендей, Чоудхари кезектеги сапарынын алкагында атамекендик бизнес өкүлдөрү менен жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушмакчы.

Непалдык миллиардердин сапарынын максаттарынын бири анын “Ири оюн” (Making it big. The Inspiring story of Nepal's first billionaire) аттуу жаңы китебинин бет ачарын өткөрүү. Ал биринчи жолу орус тилинде чыгып жатат, Бишкекте анын алгачкы бет ачары өтөт.

“Кыргызстанга келип, мен жаратылыштын кооздугуна, бийик тоолорго жана жарандардын эмгекчилдигине абдан таң калдым. Менин өмүр жолум сиздердин республиканын бизнесмендерине кызыктуу жана пайдалуу болот деп ишенем. Непалдагы бизнес менен Кыргызстандагы ишкерликтин айрым окшоштуктарын байкадым. Бизнести өнүктүрүү үчүн кайсы каражаттарды колдонуу керектигин билем. Дал ошондуктан китептин бет ачарын өткөрүү үчүн алгачкы өлкө катары мен КРны тандадым”, - деп белгиледи Чоудхари.

Анткен менен Непалдык ишкердин Кыргызстанга сапарынын башкы максаты бизнес-долбоорлорду ишке киргизүү үчүн жергиликтүү рынокту изилдөө болуп саналат. Ал республикада кайсы тармактарда ишкерлик кылары азырынча белгисиз.

Маалымат

Бинод Чоудхари Непалдагы жалгыз миллиардер. Ал ар башка өлкөлөрдө 11 түрдүү тармактардагы 80 компаниядан турган империяны түзө алган. Чоудхаринин корпорациясынын негизги булактарынын бири Wai Wai тез татым кесмесин даярдоо болуп саналат. Ал жылына 300 млн доллар алып келет. Wai Wai кесмеси Непалдын бул жааттагы рыногунун 90%ын жана глобалдык рыноктун 2%ын ээлейт. Компания жылына 2 млрд таңгак кесме өндүрөт.

Пикир

Оставить комментарий