• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нетаньяхунун жубайы өкмөттүн эсебинен кымбат тамактарды жегендиги үчүн айыппул төлөйт

Дүйнө 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяху бюджеттин эсебинен кымбат баалуу тамактарды сатып алгандыгы үчүн мамлекетке 55 миң шекель (14 миң еврого жакын) өлчөмүндө айыппул төлөйт.

Мындай чечим өлкөнүн Башкы прокуратурасы менен Сара Нетаньяхунун катышуусунда 12-июнда кабыл алынды.​

Маалыматтарга караганда, премьер-министрдин жубайы 2010-жылдан 2013-жылга чейин ресторандан 175 миң шекель суммага (43 миң евро) кымбат баадагы тамак-аштарга буйрутма берип жеп келген. Буга мамлекеттик бюджеттин акчалары төлөнгөн.

Прокурорлор Сара Нетаньяху тамак-ашка буйрутма берүүдө премьер-министрдин администрациясындагы кызматкерлердин эрежелерди билбестигинен пайдаланган деп эсептешүүдө. Нетаньяху өзү күнөөсү жок экенин айтып, тамак-ашка анын каалоосуна каршы башка адамдар буйрутма берип келишкенин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий