• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

NEW BISHKEK: Бишкекте шаардык долбоорлордун сынагы старт алды

Коом 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Бишкекте шаар инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча NEW BISHKEK долбооруна сынак башталды. Чыгармачылык “жарыш” жөнүндө анын уюштуруучулары “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында кененирээк айтып беришти.

Сынакты “ФИНКА Банк” ЖЧКнын каржылык колдоосу алдында Жаштарды өнүктүрүү институту шаардык өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте уюштурууда.

“Сынак активдүү жана кайдыгер карабаган шаардыктарды актуалдуу болгон шаар көйгөйлөрүн чечүүгө тартуу максатында өткөрүлүп жатат. Ошондой эле коомчулукту Бишкек шаарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу процессине түздөн-түз катышууга тартуу”, - деп билдирди Бишкек шаарынын өнүктүрүү агенттигинин аткаруучу директору Рано Разаматова.

Ал белгилегендей, аталган долбоор алгач агенттик тарабынан 2016-жылы демилгеленген. Анда анын демилгечилеринин дарегине 117 долбоор катышууга жиберилип, алардын ичинен 30га жакыны тандалып алынган, бирок үчөөнү гана ишке ашыруу мүмкүн болгон.

Бул жылы сынак үч багыт боюнча өткөрүлөт:

- Ачык жаштар коомдук мейкиндиги – Бул тематика боюнча эс алуу жана жумуш, спорттук аянттарды өзгөчө кооз кылып түзүүгө багытталган долбоорлор сунушталышы мүмкүн.

- Public art – бул жерде инсталляциялар, коомдук окуялар, коомдук стартаптар жана башкалар сунушталышы мүмкүн.

- IT-чечимдер – бул тиркемелерди, сайттарды жана GIS иштеп чыгууга багытталган.

Сынакка 14 жаштан жогорку Кыргызстандын жарандары, уюмдар жана топтор, Кыргызстанда туруктуу жашаган баардык каалоочулар катыша алат. Андан тышкары кесипкөй актерлердун, IT- адистеринин, сүрөтчү, дизайнер жана чыгармачылык адистигиндеги студенттер катышса болот.

Ар бир номинациядан жеңип чыккандарга сыйлык катары 300 АКШ доллары жана алардын демилгесин ишке ашыруу үчүн 2 миң АКШ доллары берилет. Сынактын финалдык тандоосуна 30 долбоор чыгарылып, жеңүүчүлөр Агенттиктин сайтындагы онлайн-добуш берүү аркылуу аныкталат. Акыркы этап 24 июндан тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий