• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ничке-Сай айылында кооптуу аймакта жашагандар үчүн чатырлар тигилди

Аймак 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында 2017-жылдын 27-март күнү Ничке-Сай айылында кооптуу аймакта жайгашкан 25 турак жайдын жашоочуларын башка коопсуз жерге көчүрүү үчүн, С.Кадыров атындагы орто мектептин стадионуна куткаруучулар тарабынан 25 чатыр тигилген, ал эми 1-май айылында кооптуу аймакта жайгашкан 5 турак жайдын жашоочуларын башка коопсуз жерге көчүрүү үчүн 5 чатыр жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Убактылуу 25 чатырга 32 үй-бүлөө жайгаштырылып, аталган чатырларга райондук электр тармактар ишканасы тарабынан электр линиялары киргизилген.

Кооптуу аймакта жашаган жашоочуларды жайгаштыруу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев өзгөчө катталган аймакта жүрөт.

Маалымат үчүн: 2017-жылдын 23-март саат 02:45те КР ӨКМ тарабынан КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 2 КамАЗ унаасына 30 (отуз) даана-10 (он) орундуу чатыр, 35 (отуз беш) гигиеналык кутуча жана 20 (жыйырма) даана от жагуучу мештер алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий