• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ничке-Сайдагы жер көчкүдө каза болгондордун сөөгү табылды – КР ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Ничке-Сай айылындагы жер көчкүдө каза болгондордун сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 26-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында жер көчкү турак үйдү көмүп калган. Анда кожоюн, аялы жана 4 баласы менен болгон. Издөө иштери жер көчкүнүн кайталанышына байланыштуу токтотулган.

“Бүгүн, 2017-жылдын 29-мартында, Ош облусунун Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында Топ-Жаңгак тилкесинде издөө иш-чаралары башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 14:00дө набыт болгондордун биринин, 14:32де экинчисинин сөөгү табылып, өздүктөрү аныкталууда. КР өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов издөө иштерин көзөмөлдөп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий