Бишкек, 23.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 2-турунда Нигерия менен Исландиянын курама командалары беттешти. Оюн 2:0 эсебинде Нигерия утуп алды.
Оюндун 49-мүнөтүндө нигериялык Мозестин чыгарып берген тобун Муса дарбазага тээ пэсепти ачты. 75-мүнөтүндө кайрадан чабуулчу Муса узактан көтөрүлгөн топту тосуп, дарбазачыны алдап, бош дарбазага гол киргизди. Нигериянын чабуулчусу Муса бул оюнда дубль жасоо менен эсте калды.
Белгилей кетсек, эки команда биргана 1981-жылы оюн өткөзгөн. Ал оюнда 3:0 эсебинде Исландиянын командасы жеңишке жеткен.
Пикир
Оставить комментарий