• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ниязалиев: Афганистандын аймагындагы террористтик уюмдардын иши тынчсызданууну жаратууда

Саясат 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылы 14-июлда Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана Афганистандын тышкы иштер министрлеринин ШКУ-Афганистан Байланыш тобу форматындагы жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашып, бул мамлекетте тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү ШКУ аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуучу негизги факторлордун бири экендигин белгилешти.

Катышуучулар ШКУга мүчө-мамлекеттердин ШКУ-Афганистан Байланыш тобунун алкагында биргелешкен ишин улантуунун маанилүүлүгүн жана 2019-жылдын 14-июнунда Бишкекте кабыл алынган аймактагы туруктуулукту бекемдөө жана ШКУга мүчө-мамлекеттер менен Афганистандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттери боюнча Жол картасын ырааттуу жүзөгө ашыруунун зарылдыгын белгилешти.

Тараптар Афганистандын дос коңшулары жана маанилүү өнөктөштөрү катары ШКУга мүчө-мамлекеттер өлкөнүн тынч, туруктуу болушуна жана гүлдөп-өсүүшүөнө кызыкдар экендигин билдиришти, ошондой эле Афганистанда жашаган бардык элдердин каада-салттарын жана маданиятын урматтоосун ырасташты. Делегациялардын башчылары Афганистандагы чыр-чатакка катышкан бардык тараптарды Афганистандын ШКУга мүчө-мамлекеттер менен чектешкен аймактарында туруксуздукка жана күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон күчтөрдү жана аракеттерди колдонуудан баш тартууга чакырышты.

Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев Афганистандын аймагындагы террористтик уюмдардын иши өзгөчө тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгиледи. "Мында Афганистандын аймагы өлкөдө иштеп жаткан куралдуу топтор сыяктуу эч качан үчүнчү күчтөр тарабынан башка мамлекеттерге жана ШКУга мүчө-мамлекеттерге карата коркутуулар же кол салуулар үчүн колдонулбашы керек. Кыргызстан тынч жана туруктуу Афганистанга кызыкдар жана мүмкүн болушунча афган элине, ошондой эле бул өлкөдөгү этникалык кыргыздарга ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн күч-аракеттерди жумшайт",-деп баса белгиледи ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий