• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ниязалиев баштаган делегация ЕБ менен БА ортосундагы саясий диалогдун жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-июлунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев баштаган делегация Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги темалары - аймактагы учурдагы окуялар, коопсуздук жаатында Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы, атап айтканда, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана чек араларды башкаруу. Жыйында климаттын өзгөрүшүнө жана экологиялык көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Европа Биримдигинин Борбор Азия үчүн 2021-2027-жылдарга карата аймактык индикативдик программасынын алкагындагы долбоордук иш-аракеттери талкууланды.

Ниязалиев өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүү түрлөрү региондо туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун бекем негизи экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы жалпы экологиялык максаттарга жетүү үчүн конструктивдүү жана өз ара пайдалуу аймактык кызматташтыкка, анын ичинде Париж келишимин жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан учурдагы жалпы көйгөйлөрдү жана чакырыктарды саясий жана дипломатиялык диалог, талаш-тартыштарды сүйлөшүү столунда чечүү жолу менен жана күч колдонбостон же колдонуу коркунучу жок гана чечүүнү жактап келгендиги жана колдоп келе жаткандыгы баса белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары Борбор Азия жана Европа Биримдигинин мамлекеттеринин калкына эмдөө жүргүзүүнүн жүрүшү менен таанышып, региондун экономикасын калыбына келтирүү жолдорун талкуулашты.

Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы диалогтун жыйынында Афганистандан НАТО аскерлеринин чыгып кетишинин регион үчүн мүмкүн болуучу кесепеттери темасы көтөрүлдү. Кыргыз тарабы Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде аймактык экономикалык жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу Афганистандагы тынчтык жараянынын туруктуулугу боюнча биргелешкен ишти топтоого үндөдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы диалогтун катышуучулары алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларга даярдыкты талкуулашты жана 2021-жылдын ноябрында Бишкекте өтө турган Биринчи Европа Биримдиги - Борбор Азия Экономикалык форумун өткөрүүгө колдоо жана кызыкчылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий