• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ниязалиев БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын БА боюнча аймактык өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын (БУУ КЖКБ) Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен, анын аталган кызматка дайындалышына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басмап сөз кызматы билдирет.

Х.Шоддер Н.Ниязалиевге БУУ КЖКБнын Борбордук Азия боюнча жаңы аймактык өкүлү болуп дайындалгандыгы тууралуу БУУ КЖКБнын башкармалыгынын ишеним катын тапшырды.

Н.Ниязалиев Шоддер мырзаны жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан жана БУУ КЖКБнын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташуусунун улантылышына үмүт артты.

Өлкө 1951-жылдагы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясы жана 1967-жылдагы Качкындардын статусу жөнүндө протокол боюнча эл аралык милдеттенмелерин так аткарып келе жаткандыгын баса белгиледи. Ал КР өкмөтү менен БУУ КЖКБнын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2019-жылы Кыргызстан дүйнөдө белгилүү болгон бардык жарандыгы жоктугу учурларын жок кылган биринчи өлкө катары таанылгандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан жетишкендиктерде токтоп калбастан, бул багытта БУУ КЖКБ менен жигердүү кызматташууда иш улантылат деп ишендирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар качкындардын, башкалка сурагандардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жоктукту андан ары алдын алуу жаатындагы Кыргыз Республикасы менен КЖКБнын кызматташуусунун учурдагы маселелерин жана өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Н.Ниязалиев БУУ КЖКБга улуттук башкалка тутумун чыңдоо жана качкындардын жергиликтүү интеграцияланышын жеңилдетүү багытындагы аракеттерди туруктуу колдогондугу үчүн, ошондой эле 2020-жылы Кыргыз Республикасынын 3 компетенттүү мамлекеттик органдарына COVID-19 пандемиясына байланыштуу техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Х.Шоддер кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жогору баалады жана БУУ КЖКБ мындан ары дагы Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын жарандыгы жоктугун кыскартуу жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн оң үлгү экендигин баса белгилеп, ошондой эле 1954-жылдагы Апатриддердин статусу жөнүндө конвенцияга жана 1961-жылдын Жарандыгы жоктукту кыскартуу жөнүндө конвенцияга кошулууга чакырды.

Жолугушуунун аягында КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев Х.Шоддерге БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү катары жаңы миссиясында ийгиликтерди каалады, ошондой эле КР өкмөтүнүн БУУ КЖКБнын долбоорлоруна жана программаларына андан ары көмөк жана колдоо көрсөтүүгө даярдыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий