• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ниязалиев Европанын тышкы иш-аракеттер кызматынын баш катчысынын орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Кечээ, 2-июлда Ташкент шаарында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогунда катышуусунун алкагында, Европанын тышкы иш-аракеттер кызматынын баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Энрике Мора менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын оң динамикасын белгилеп, пандемия учурунда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы долбоордук жана программалык ишинин өзгөчө актуалдуулугун белгилөө менен, азыркы кризистик шарттарда мамлекеттик колдоонун эң натыйжалуу варианты болуп бюджеттик колдоо жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттерине каршы биргелешип күрөшүү катары каражат бөлүү менен программаларды жана долбоорлорду каржылоо компонентин кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

Ошондой эле 2021-2027-жылдар аралыгында ЕБ жана Европа өлкөлөрү менен кызматташтыкты жашыл концепция саясатын иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу, санариптик күн тартибин, биологиялык ар түрдүүлүктү жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана адам укуктарын коргоого колдоо көрсөтүү сыяктуу чөйрөлөрдө өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар ушул жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында ЕБ менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы экономикалык платформасы катары Биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форумуна биргелешип даярдык көрүүнү улантууга макулдашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен ЕБнин ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууну түзүү маселеси талкууланды.

Э.Мора Кыргызстан эки тараптуу жана регионалдык маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө дайым аракет кылгандыгы жана өлкөнүн Афганистандагы тынчтык процессине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Европа Биримдигинин мындан аркы жемиштүү кызматташуусуна ишеним билдирилди.

Пикир

Оставить комментарий