• 84.79
  • 96
  • 1.14

Ниязалиев Франциянын жана Германиянын КРдагы дипмиссияларынын башчылары үчүн брифинг өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франциянын жана Германиянын Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларынын башчылары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Европа Биримдигинин институттарынан, Европа Биримдигинин жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүнөн жогорку делегацияларын, ошондой эле эки региондун бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чогулткан биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форумуна даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Н. Ниязалиев форум Европа Биримдиги жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жаңы экономикалык аянтча болуп каларын баса белгиледи, бул соода, инвестиция, санариптештирүү жана жашыл экономика сыяктуу тармактардагы кызматташтыкты бекемдейт.

Соодага көмөктөшүү, жашыл энергетика жана бизнес форумга арналган кошумча иш-чаралар өзүнчө талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий