• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ниязалиев Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Human Rights Watch эл аралык өкмөттүк эмес уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз Республикасында да, башка өлкөлөрдө да адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди жана жетишкендиктерди талкуулашты.

Дүйнө жүзү боюнча качкындардын, мигранттардын жана азчылыктардын укуктарынын бузулушу боюнча тынчсыздануу билдирилди. Тараптар COVID-19 пандемиясынын ар кайсы өлкөлөрдөгү адам укуктарынын сакталышына терс таасирин, ошондой эле дүйнөдө вакциналардын бирдей эмес бөлүштүрүлүшүн жана кыймыл эркиндигине байланыштуу чектөөлөрдү белгилешти. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Европа өлкөлөрүнө баруусундагы кыйынчылыктары Европанын дары каражаттары агенттиги коронавирус инфекциясына каршы чыгарган бардык вакциналарды бекитпегендигине байланыштуу болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нуран Ниязалиев мамлекеттин адам укуктарына, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана негизги эркиндиктерге биринчи кезекте көңүл бурарын баса белгиледи. Ошондой эле өлкөдөгү реформалар жана алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди.

Хью Уильямсон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөн сөзүндө чагылдырылган демократиялык өнүгүү жолуна милдеттенмесин жогору баалады. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү, Афганистандан келген студенттерге 500 виза берүү жана Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча тергөө ишин кайра баштоо чечимин кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий