• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ниязалиев КРнын Германиядагы ардактуу консулдарынын делегациясы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдарынын делегациясы жана "Knauf GmbH" компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча ыйгарым укуктуу директору менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ниязалиев өз сөзүндө Германия европалык багытта Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчыгынын бири катары каралып жаткандыгын белгилеп, кыргыз-германия мамилелери салттуу бекем жана достук өнөктөштүк байланыштарынын туруктуу фундаменти бар экендигин, анын укуктук негизи катары бардык чөйрөлөрдү камтыган 100дөн ашуун эки тараптуу келишимдер жана макулдашуулар болгондугун баса белгиледи.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Ниязалиев ушул жылы Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жаткандыгын айтып, бул контекстте ардактуу консулдарды кыргыз өлкөсүн Германияда кеңири жайылтуу боюнча мындан аркы жигердүү ишти улантууга чакырды.

Ошону менен бирге, ал ардактуу консулдарга Германия менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө, Германияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстанда кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар жана даяр экендигин белгилешти. Мында, ардактуу консулдар өз ишмердүүлүктөрү, Кыргыз Республикасына пландаштырылып жаткан ири инвестициялар, ошондой эле биргелешкен долбоорлор ж.б. жөнүндө маалымат беришти, атап айтканда, германия тарап билим берүү тармагын артыкчылыктуу багыт катары белгилеп, бул жаатта кызматташтыктын өнүгүшүнө үмүт артышты.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти жана кыргыз-германия кызматташтыгын өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү ишти улантууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий