• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ниязалиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда Душанбе шаарында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ШКУнун 20 жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын жана Уюмдун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча милдеттерди, актуалдуу эл аралык маселелерди жана регионалдык көйгөйлөрдү талкуулашты.

Мындан тышкары, делегациялардын башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин алдыдагы юбилейлик жыйынынын даярдыгын талкуулашты.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев өз сөзүндө азыркы учурда ШКУнун алкагындагы кызматташтык дээрлик бардык тармактарды - коопсуздук, терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, гуманитардык чөйрөдөгү, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жаатындагы, курчап турган чөйрөнү сактоо жана башка маселелери камтый тургандыгын баса белгиледи. Пандемиядан кийинки экономиканы калыбына келтирүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, транспорттук жана транзиттик долбоорлорду өнүктүрүү жана ШКУнун алкагында Кыргызстандын демилгелерин ишке ашыруу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бөлдү.

Кыргыз тарап ШКУнун коронавируска каршы күрөшүү боюнча иштеп жаткан механизмдеринин алкагында, ошондой эле вирустун жаңы штаммдарын табууну эске алуу менен тыгыз ишти, COVID-19дун жайылуусун алдын алуу жана профилактика ыкмалары боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн адистери менен дарыгерлеринин ортосундагы тажрыйба алмашуу практикасын улантууну сунуш кылды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бир катар чечимине кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий